Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 5-3
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башсысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
“С.Юсупова-Тазалык” муниципалдык ишканасы райондун борборун жана айыл аймагынын айлана чөйрөсүн тазалыгын сактоодо, таштандыларды ташып чыгарууда техникаларынын жетишсиздигине байланыштуу аталган ишканага айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн 2000000 (эки миллион) сомдун эсебинен 1000000 (бир миллион) сом акча каражатына бир таштандыларды ташып чыгаруучу Hyundai Портер автоунаасын сатып алууга макулдук сурап жазган айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынына айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн 2000000 (эки миллион) сомдун эсебинен 1000000 (бир миллион) сом акча каражатына бир Hyundai Портер автооунаасын сатып алууга макулдук берилсин.
2. “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасынына 1000000 (бир миллион) сом акча каражатын ажыратууда мыйзамда белгиленген тартипте иш алып баруусу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Базарбаевге тапшырылсын.
3. “С.Юсупова Тазалык” муниципалдык ишканасы Hyundai Портер автоунаасын сатып алууда атайын комиссия курамын түзүп, комиссия менен аталган автоунааны сатып алуу боюнча иш алып баруусу аталган ишкананын жетекчиси М.Ризаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шайымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |