Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 5-5
Араван айылынын тургуну Ленин көчөсүнүн тургуну Розиев Ахатжон жашап жаткан жеке менчик 813,04 чарчы, м турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 78,75 чарчы, м жер тилкесинин багытын комерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Розиев Ахатжон жашап жаткан жеке менчик 813,04 чарчы, м турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 78,75 чарчы, м жер тилкесинин багытын комерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлери эске алынып, Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган обьекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндөгү 2024-жылдын 10-майындагы №240 жобосун жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-18- беренелерин жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Розиев Ахатжон жашап жаткан жеке менчик 813,04 чарчы, м турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 78,75 чарчы, м жер тилкесинин багытын комерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Розиев Ахатжон жашап жаткан жеке менчик 813,04 чарчы, м турак жай жер тилкеси багытындагы жеринин ичинен 78,75 чарчы, м жер тилкесинин багытын комерциялык багытына берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесин багытын өзгөртүрүп берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |