Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 5-8
С.Юсупова айыл кеңешинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы VIII чакырылышынын 1-сессиясынын №1-5 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
С.Юсупова айыл аймагынын Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн жолуна узундугу 674 метр жерине асфальт төшөө жөнүндөгү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 1-сессиясынын №1-5 токтомуна айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1млн 131миң 930 сом жана айыл тургундарынын кошуучу салымы 1млн 500 миң сом жалпысы 2 млн 631 миң 930 сом ажыратылышын белгилеп, токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча айл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Базарбаевдин билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн жолуна узундугу 674 метр жерине асфальт төшөө үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттарды кароочу комиссиясынан суралсын.
2. Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн жолуна узундугу 674 метр жерине асфальт төшөөгө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1млн 131 миң 930 сом акча каражатын ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Базарбаевге тапшырылсын.
3. Каррак айылынын М.Ахмаджанов көчөсүнүн тургундарынын кошуучу салымы 1 млн 500 миң сом болуп белгиленип, акча каражаттарыны жыйноо айыл активи И.Исаковго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |