Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-марты № 5-9
С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылына жаңы орто мектеп куруу
жөнүндө
С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылындагы №18 Манас орто мектебинин имараты КР ӨКМги тарабынан мектеп иматарында окуучуларды окутууга кооптуу деп берилген корутундуларын эске алып, 2025-жылдын Республикалык бюжеттен Октябрь айылына жаңы орто мектеп курууга акча каражаты ажыратылгандыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С.Юсупова айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылынын М.Калыков көчөсүндө жайгашкан коомдук курулуштардын жер тилкеси багытындагы 2,0 га жер аянтына жаңы орто мектеп курууга макулдук берилсин.
2. Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылына жаңыдан куруулучу орто мектебинин имараты үчүн керектүү болгон документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3.Октябрь айылына жаңыдан куруулучу орто мектебине керектелүүчү документтерине мыйзам чегинде акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага: | М.И. Мамитов |