Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 24/1
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолу аймагында жайгашкан Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларын сугат суу менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүүгө Ош облусунун өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолу аймагында жайгашкан Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларын сугат суу менен камсыз кылуу боюнча 2024-жылдын 1-май күнү Чөгөм айылынын жашоочулары менен болгон чогулушта айтылган суроо-талаптарын канааттандыруу жана жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып, жогорудагы жумуштарды бүткөрүүгө Ош облусунун өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо максатында Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылынынын кезексиз XXIV сессиясы төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолу аймагында жайгашкан Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларына сугат суу чыгарууга керектелүүчү курулуш материалдарын сатып алуу үчүн (2500м чакырым жерге суу түтүкчөсүн жаткыруу) Ош облусунун өнүктүрүү фондунан 2 912 606,36 (эки миллион тогуз жүз он эки миң алты жүз алты сом отуз алты тыйын) сом акча каражаты суралсын.
2. Чөгөм айылындагы Чоң-Тектир жана Кичи-Тектир участкаларын сугат суу менен камсыз кылууга керектүү болгон документ иштерин бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Шерматов |