Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-апрели № 206
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелеринин маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу, шаарлардын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жободо:
- 1-пунктта:
экинчи абзац "аткаруу органы" деген сөздөрдөн кийин "жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын;
он үчүнчү абзац "(айыл өкмөтү)" деген сөздөрдөн кийин "жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү, облустук маанидеги шаардын мэриясы саны 7 адамдан кем эмес болгон Жер комиссиясын түзөт.
Айыл өкмөтүнүн Жер комиссиясынын курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары - 3 адамдан кем эмес, ошондой эле айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (мындан ары - РАӨБ) өкүлдөрү кирет. Облустук маанидеги шаардын мэриясынын Жер комиссиясынын курамына мэрдин биринчи орун басары, жергиликтүү кеңештин депутаттары - 3 адамдан кем эмес, ошондой эле муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрү кирет. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орду боюнча Жер комиссиясынын курамына кирет. Жер комиссиясынын курамына айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн. Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат. Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы же облустук маанидеги шаардын мэриясынын кызматкери дайындалат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункт "жер" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген инвестициялык макулдашуу бар жерлерди кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункт "өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде облустук маанидеги шаардын мэриясы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19, 20, 21, 25, 26, 32-пункттар ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "администрация" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", облустук маанидеги шаардын мэриясы" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жободо:
- 3, 4, 8, 16, 17, 19, 20, 21, 32, 35, 36-пункттар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "администрация" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", облустук маанидеги шаардын мэриясы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9, 14, 18-пункттар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "администрация" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", облустук маанидеги шаардын мэриясы" деген сөздөр менен толукталсын жана "райондук" деген сөз алып салынсын;
- 10, 19, 27-пункттарда "Райондук комиссия" деген сөздөр "Комиссия" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 11, 13, 25, 26, 28-31-пункттарда "райондук" деген сөз алып салынсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Райондук комиссия жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын, ошондой эле жергиликтүү кызматтардын: айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, айыл чарба жана суу чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча инспекциянын кызматкерлеринен түзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиясына муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаты кириши мүмкүн.";
- 23-пунктта "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эки өкүлү," деген сөздөр "Райондук деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эки өкүлү," деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Комиссияны тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчисинин орун басары же облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары жетектейт.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-аперлиндеги № 29 (3685) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |