Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 24/2
Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин жаңы имараты курулуп жаткандыгына байланыштуу бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин жаңы имараты курулуп жаткандыгына байланыштуу бак-дарактарды кыюу жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин айланасындагы бак-дарактарды кыюуга уруксат берилсин.
2.Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин айланасындагы бак-дарактарды мыйзам чегинде кыюу жана керектүү кагаздар менен камсыздоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Шерматов |