Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 24/3
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы И.Жунус уулунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу Жобосун бекитүү боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жайыт комитетинин типтүү Уставынын талаптарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Шерматов |