Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 24/4
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы И.Жунус уулунун Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставын бекитүү жѳнүндѳ” № 747 токтомунун негизиндеКерме-Тоо айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын бекитүү тууралуу баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борбору (КААБ) Уставдын талаптарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Шерматов |