Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 24/5
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү
бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн кошумча каражаттары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттары №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын үнөмдөлгөн беренелер боюнча өзгөртүүлөрү №3 тиркемеге ылайык жылдырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Шерматов |