Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июлу № 24/6
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүлктөрүн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүлктөрүн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүлктөрүн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.“Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясына тиешелүү болгон иш-кагаздарын мыйзам чегинде өткөрүп алуу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Шерматов |