Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/13

Ала-Бука айылындагы Кош-Көпүрө участогуна курулуучу касапкананын

(убойный цех) курулмасына жер аянтын ижарага берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Жер Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде жеке ишкерлерге Кош-Көпүрө участогунан касапкана (убойный цех) куруу үчүн жалпы 0,20га жер тилкеси ижарага берилсин.

 

2. Касапкананын (убойный цех) курулмасын архитектуралык талаптардын жана нормалардын эрежелерине ылайыктап куруу жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.