АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/14
Ала-Бука айыл аймагында мөөнөтү бүткөн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү
фондунун (КБФ) жерлерин ижарага торук аркылуу (аукцион) берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагында мөөнөтү бүткөн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлери торук (аукцион) аркылуу жаранадарга ижарага берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерине мыйзамдын негизинде торук (аукцион) өткөрүү айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |