АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/19
Ала-Бука айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесине ылайык жана айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу жарандардын ден-соолугуна жана жашоо шартына байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган төмөнкү жарандарга:
1) Ала-Бука айылынын тургуну Бекимбетова Гульмирага 20000 (жыйырма миң) сом;
2) Ала-Бука айылынын тургуну Эгембердиева Рухфизага 20000 (жыйырма миң) сом;
3) Достук айылынын тургуну Темирова Жамийлага 10000 (он миң) сом;
4) Ала-Бука айылынын тургуну Осокеева Зиядага 20000 (жыйырма миң)сом;
5) Сары-Талаа айылынын тургуну Аскарова Мимозага 20000 (жыйырма миң)сом;
6) Ала-Бука айылынын тургуну Токтомамбетова Жийдеге 20000 (жыйырмамиң) сом;
7) Сары-Талаа айылынын тургуну Торобекова Аидага 20000 (жыйырма миң)сом;
8) Достук айылынын тургуну Бөрүкулов Мирзарахимге 10000 (он миң) сом;
9) Ала-Бука айылынын тургуну Ю.Днын төрөлө элек баласына 20000 (жыйырма миң);
10) Ала-Бука айылынын тургуну Анарбеков Шамшарбекге 10000 (он миң) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты менен өз убагында камсыздоо айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.
3. Материалдык жардам сурап кайрылган жарандардын турмуш-шарты менен жеринде танышуу айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнун социалдык жактан коргоо иштери боюнча адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |