Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 17-июлу № 145
2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 31-мартында Хожент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Келишимди ратификациялагандыгы жана ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзүүгө даяр экендиги жөнүндө тажик жана өзбек тараптарга кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |