Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-июлу № 453
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Архитектура жана курулуш иши чөйрөсүндө лицензияларды жана мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 «Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 81–83-пункттар менен толукталсын:
«81. Мамлекеттик квалификациялык сертификат берүү кагаз сертификатты бербестен берилген сертификаттардын онлайн реестрине киргизүү формасында жүргүзүлөт.
82. Берилген сертификаттардын реестри алардын укуктук статусун ырастоочу расмий булак болуп саналат.
83. Берилген, токтотула турган жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн онлайн реестрге киргизилет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.»;
– 9-пункттун 6, 7-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) эскертүү, сертификаттарды токтото туруу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгаруу;
7) берилген, токтотула турган жана жокко чыгарылган сертификаттардын реестрин жүргүзүү;»;
– 15-пункттун 2, 3-пунктчаларындагы «нотариалдык жактан» деген сөздөр «иш берүүчү тарабынан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
«151. Эгерде изденүүчү документтерди берген учурда убактылуу иштебесе жана талап кылынган документтерди иш берүүчүдө күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал эмгек китепчесинин жана дипломдун түп нускасын тестирлөө өткөрүлгөн күнү алдын ала ыйгарым укуктуу органга аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн алып келүүгө милдеттүү.»;
– 34, 35, 39-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«36. Квалификациялык сертификат үчүн кайра төлөөдө изденүүчү кайрадан арыз берүүгө жана тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу.»;
– 38-пункттагы «23-пунктунда» деген сөздөр «22-пунктунда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6-глава. Укуктук таасир этүү тартиби
41. Курулуш тармагынын сертификацияланган адистерине төмөнкүдөй формада укуктук таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн:
– эскертүү;
– аныкталган бузуулар четтетилгенге чейин 90 календардык күнгө токтото туруу;
– сертификатты жокко чыгаруу.
Укуктук таасирдин түрүн колдонуу бузуунун оордугуна жараша ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
42. Укуктук таасир этүү чаралары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) сертификацияланган адис тарабынан имаратты же курулманы аварияга алып келген же болбосо жарандардын өмүрү менен ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн потенциалдуу коркунуч туудурган архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана ченемдик-техникалык документтер бузулса;
2) сертификацияланган адистин күнөөсү боюнча ишкананын, мекеменин жана уюмдун лицензиясынын колдонулушун жокко чыгаруу же токтото туруу;
3) сот органдары тарабынан сертификацияланган адистин архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынын бузгандыгын ырастаган же адистин архитектура жана курулуш жаатында иш жүргүзүүсүнө тыюу салган чечимдер чыгарылганда;
4) сертификатты алууда сертификацияланган адис тарабынан анык эмес маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда.
43. Укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болуп мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын, сот органдарынын, курулуш продукциясын керектөөчүлөрдүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук органдардын, сертификацияланган адис эмгек мамилелеринде турган уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын кесиптик бирликтеринин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кайрылуу болушу мүмкүн.
44. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адистерге карата укуктук таасир этүү маселелерин кароо боюнча комиссияны (мындан ары – Комиссия) түзөт, анын курамын аныктайт, зарыл болгон учурда мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын, экспертиза органдарынын адистерин, айрым жогорку квалификациялуу адистерди тартат.
45. Комиссиянын иш тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат жана бекитилет. Комиссия кароонун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим чыгарат.
46. Ушул Жобонун 42-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен Комиссия тарабынан каралбастан жокко чыгарылат.
47. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине жана Комиссиянын чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанууга болот.
48. Укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселелерди кароодо сертификацияланган адис анын сертификатына тиешелүү бардык материалдар менен таанышууга укуктуу.
49. Комиссиянын жыйналышы сертификат алган учурда адис берген документтерде көрсөтүлгөн дарек боюнча же анын иш жүзүндө жашаган/иштеген жеринин белгилүү дареги боюнча жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу сертификацияланган адисти чакыруу менен өткөрүлөт.
50. Комиссия жазуу жүзүндөгү билдирүү болгон шартта, сертификацияланган адис жок болгон учурда укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени жыйналышта кароого укуктуу.
51. Укуктук таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим адистин жеке өзүнө берилет же ал кабыл алынгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде почта аркылуу жазуу жүзүндө жиберилет.
52. Жокко чыгарылган сертификат колдонуудагы сертификаттардын реестринен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылат.
53. Сертификаты жокко чыгарылган адис жокко чыгарылган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин ушул Жободо белгиленген тартипте сертификат алууга кайрадан арыз берүүгө укуктуу.
54. Адистердин каза болушу мүмкүн болгон учурлар жөнүндө маалыматтарды актуалдаштыруу максатында ыйгарым укуктуу орган калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине мөөнөтсүз квалификациялык сертификаты бар сертификацияланган адистердин тизмесин жыл сайын жиберет.
55. Калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тизмени алгандан кийин 1 айдан кечиктирбестен ыкчам тартипте ыйгарым укуктуу органга актуалдуу маалыматтарды берүүгө милдеттенет.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 2202-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар адистердин иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү;»;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |