Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/21

Маркум Низамов Фанис Фазыловичдин жаркын элесине арналган баскетбол

боюнча өтүүчү мелдешке колдоо көрсөтүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна ылайык жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука районунун баскетбол боюнча машыктыруучусу, эл агартуунун отличниги маркум Низамов Фанис Фазыловичдин жаркын элесине арналган баскетбол боюнча өтүүчү мелдешке колдоо көрсөтүү үчүн 21080 (жыйырма бир миң сексен ) сом акча каражаты ажыратылсын.

 

2. Акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.