Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-июлу № 161
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз:
1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.";
2) 46-беренеде:
а) 1-бөлүктө "талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 61-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөр "анын ичинде ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлары бар экени жөнүндө маалыматтарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 65-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 29-июну, № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
9-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) соттолгондугу бар адам, анын ичинде алып салынган же жоюлган;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адам, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда, төмөнкүлөрдү кошпогондо;
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 11-октябры, № 104) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.";
2) 11-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылса, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 58-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына төмөнкүдөй адамдар дайындалышы мүмкүн эмес:
1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.";
2) 61-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 6-июну, № 45) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
12-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Төмөнкүдөй адам Эсептөө палатасынын аудитору боло албайт:
1) соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
2) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылганда, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;".
6-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |