Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-июлу № 162
2025-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2025-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Кошумча макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө россия тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |