КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-июлу № 382
Көмүр кендерин иштетүү боюнча инвесторлор менен биргелешип иш жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө
Берилген жер казынасын пайдалануу укуктарын ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен ишти жүргүзүүнүн шарттарын жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 472 "Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жер казынасын пайдаланууга берилген укуктарды ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен биргелешкен иш жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"101. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өтүү үчүн тартылган жана "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына көмүр жеткирип берүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттин же мамлекеттик ишкананын салымынын өлчөмү 30% өлчөмүндө белгилениши мүмкүн.".
2. "Строй-Стоун" жоопкерчилиги чектелген коомуна Миң-Куш күрөң көмүр кенинин "Агулак" участогунда көмүрдү иштетүү боюнча биргелешкен иш жөнүндө келишимди ушул токтомдун 1-пунктунда каралган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кайра карап чыгуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июлундагы № 49 (3705) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |