Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июлу № 449
Бишкек шаарынын Октябрь районунун
№ 22, 29 контурларында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Көп кабаттуу турак жай комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 12-пунктуна, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктуна, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121, 122-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 7-июлундагы № 161 токтомун, Бишкек шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын 2025-жылдын 19-июнундагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 22, 29 контурларында жайгашкан, Айманбаева Асель Каниетовнанын жеке менчигинде турган жалпы аянты 7,88 га сугат жер участогу көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жеке каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү;
5) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
6) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын сактоону;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
9) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) Чыңалуусу 1000 вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык электр берүү аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай пайдалануу үчүн тиешелүү коргоо аралыктарын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августунда № 57 (3713) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |