Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз
6-отуруму
2025-жылдын 3-марты № 6/7
Гүлчө айыл аймагында жайгашкан Т.Отунчиев атындагы орто мектебинде жаңыдан кошумча имарат курулуп жаткандыгына байланыштуу, курулушка тоскоол болгон 43 түп кара жыгач, 1 түп жаңгак, 2 түп алча, 7 түп арча, 4 түп карагайларды кыйдырууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезексиз 6-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагындагы Т.Отунчиев атындагы орто мектебинде жаңыдан кошумча имарат курулуп жаткандыгына байланыштуу, курулушка тоскоол болгон 43 түп кара жыгач, 1 түп жаңгак, 2 түп алча, 7 түп арча, 4 түп карагайларды кыйууга макулдук берилсин.
2. Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан жогорудагы тал-теректерди кыйдырууга уруксат кат алып келүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж. Калдыбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |