Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын  депутаттарынын кезексиз

 6-отуруму

 

2025-жылдын 28-марты  № 7

 Гүлчө  айыл аймагындагы  №5134-Октябрь, №5135-Будалык,  №5144-Гүлчө-1, №5479  Нооруз, №5145  Гүлчө-2,  № 5147 Курманжан датка,  № 5146 Гүлчө -3,  №5148 Чакмак, №5149 Жылуу-Суу,  №5150  Таш-Короо участкалык  шайлоо комиссияларынын   резервине талапкерлерди  көрсөтүү жөнүндө

 

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын лепутаттарынын кезексиз 7-отуруму, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин, 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Гүлчө айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Гүлчө айыл аймагынын №5134 Октябрь, №5135 Будалык, №5144 Гүлчө-1, №5479 Нооруз, №5145 Гүлчө-2, № 5147 Курманжан датка, №5146 Гүлчө-3, №5148 Чакмак, №5149 Жылуу-Суу, №5150 Таш-Короо участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди сунуштоо, Гүлчө айыл аймагындагы жамааттар арасында өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорунун негизинде көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилип берилсин.

2.Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин өздүк документтерин Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшыруу жагы Гүлчө айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Убукеевага милдеттендирилсин.

3.Кабыл алынган токтом Алай аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

Төрага:

А.Б. Самиев