Редакцияот 12.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын  депутаттарынын кезектеги

 8-отуруму

 

   2025-жылдын 12-майы  № 8/1

 Гүлчө  айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнө максаттуу трансферт  болуп келип түшкөн 8 073,6 миң сом  акча каражатын  Гүлчө айыл өкмөтүнүн  башкы планын жасатуу үчүн  2025-жылдын  бекитилген сметасынын  такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  депутаттарынын кезектеги  8-отуруму,  экономика жана  бюджет боюнча  туруктуу комиссиясынын отурумундагы чечими  боюнча депутат Г. Абдиеванын баяндамасын угуп жана  талкуулап, Кыргыз  Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 55-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын киреше бөлүгүнө республикадан кошумча берилген максаттуу трансфертти планга  киргизип  тактоо жагы каралсын.

 

К/н

Берененин аталышы

берене

бардыгы

     II-квартал

көбөйтүү

азайтуу

1.

Максаттуу трансферт

13321200

8 073,6

8 073,6

 

 

бардыгы

 

8 073,6

8 073,6

 

 

      2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

Бөлүмү

Бөлүмдүн аталышы

Берененин аталышы

Берене

Бардыгы

II квартал

көбөйтүү

азайтуу

704

Экономикалык суроолор

Түрдүү чыгымдар                                                                                                                                                                                

22154900

8 073,6

8 073,6

 

 

 

Баардыгы

 

8 073,6

8 073,6

 

 

3. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылга бекитилген сметанын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын  мыйзамдуу , максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун  аткарылышын  камсыз кылуу жагы  айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаев жана финансы-экономика  бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына  милдеттендирилсин.

5.Ушул   токтомдун мыйзамдуу  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  бюджет  жана экономика боюнча   туруктуу   комиссиясына   тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Б. Самиев