Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/30

Достук айылынын ички көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун 10-пунктунун 4 абзацына ылайык айылдык кеңешинин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

 

1. Достук айылындагы Жаңы-Абад жамааттык уюмуна маркум Камолдинов Дилмуроддун ысымы ыйгарылсын.

 

2. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, көчөнүн катар сандары такталып, тактачалары (табличка) белгиленсин.

 

3. Жаңы ысым ыйгарылган көчөнүн катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.

 

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин социялдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.