Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 412 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай- коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана инженердик изилдөөлөр жаатында өзүнүн ишин жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, өзүнө бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу.
4. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
5. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти";
- расмий тилде: "Департамент инженерных изысканий при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
6. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИИД";
- расмий тилде: "ДИИ".
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
7. Департаменттин ишинин максаты капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон инженердик изилдөөлөрдү илимий-техникалык жактан негизделген, ишенимдүү жана комплекстүү аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн ишенимдүү, толук жана ар тараптуу инженердик негиздемени камсыз кылуу;
2) инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
3) инженердик изилдөөлөр боюнча ченемдик-техникалык документтерди өркүндөтүү;
4) инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарынын мамлекеттик фонддорун түзүү жана жүргүзүү;
5) инвестициялык, инфраструктуралык жана стратегиялык долбоорлордун алкагында инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
4-глава. Департаменттин функциялары
9. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) инженердик изилдөөлөр жаатындагы ишти уюштуруу, координациялоо жана методологиялык жактан камсыз кылуу:
- Кыргыз Республикасынын аймагында инженердик изилдөөлөр боюнча иштерди уюштуруу, координациялоо жана методикалык жетекчилик кылуу;
- инженердик изилдөөлөрдү аткаруу боюнча типтүү техникалык тапшырмаларды, методикалык сунуштарды жана регламенттерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- инженердик изилдөөлөрдүн процесстерин маалыматтык жана методикалык жактан коштоо;
- тиешелүү чөйрөдө илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-методикалык иштерди жүргүзүү;
- окутуу программаларын иштеп чыгууга катышуу, тренингдерди өткөрүү, курулуш тармагынын адистерин кесиптик жактан даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- Департаменттин аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин координациялоо, алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, отчеттуулукту кабыл алуу жана талдоо, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды даярдоо;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, анын ичинде аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жылдык иш-чаралар пландарын бекитүү жана аткарылышын контролдоо;
- жетекчиликтин тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдарда, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Министрликтин атынан чыгуу;
- кичи райондорду, турак жай комплекстерин, шаар куруу зоналарын, айрым имараттарды, курулмаларды жана ландшафттык объекттерди тажрыйбалык-үлгүлүү жана эксперименттик курууну уюштурууга катышуу;
2) инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана контролду ишке ашыруу:
- инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын абалына жана пайдаланылышына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү;
- инженердик изилдөөлөрдүн материалдарын мыйзам талаптарына шайкештиги боюнча экспертизадан өткөрүү;
- инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарынын мамлекеттик фондунан маалыматтарды системалаштырууну, топтоону, сактоону жана берүүнү камсыз кылуу;
- инженердик изилдөөлөрдү аткаруучу уюмдардын бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү;
- инженердик изилдөөлөр жаатындагы мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
- белгиленген тартипте административдик даттанууларды (сунуштамаларды) кароо жана чечим чыгаруу;
3) практикалык инженердик-изилдөө иштерин жана адистештирилген изилдөөлөрдү аткаруу:
- инженердик-геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- сейсмикалык райондоштуруу жана микрорайондоштуруу боюнча иштерди аткаруу;
- физикалык-геологиялык процесстерди жана кубулуштарды, анын ичинде жер көчкүлөрдү, кулоолорду, үймөктөрдү, карсттык түзүлүштөрдү, жер бетинин чөгүшүн, селдерди, кар көчкүлөрдү, суу ташкындарын, эрозиялык процесстерди, ошондой эле жер астындагы жана жер үстүндөгү суу каптоолорду изилдөө жана баалоо;
- долбоордук жана курулуш ишинин контекстинде климаттык мүнөздөмөлөрдү изилдөө;
- өзгөчө жаратылыш факторлорунун шарттарында экологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
4) санариптештирүү жана эл аралык өз ара аракеттенүү:
- инженердик изилдөөлөрдү санариптештирүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, натыйжалардын мамлекеттик маалыматтык системага интеграцияланышын камсыздоо;
- техникалык жөнгө салуу, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча эл аралык жана улуттук уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- инженердик изилдөөлөр жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышуу;
5) ченем жаратуу жана аналитикалык иш:
- шаар куруу, архитектура, курулуш жана инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- инженердик изилдөөлөр жаатында ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды жана методикаларды иштеп чыгуу;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди даярдоо;
- Департаменттин ишине тиешелүү маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.
5-глава. Департаменттин укуктары
10. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинен, министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларынан, ошондой эле укук коргоо органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын финансылык жана материалдык каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
3) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) белгиленген тартипте чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартууга, ошондой эле инвесторлорго инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
5) Министрликтин макулдугу менен кирешенин бир бөлүгүн Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн балансында турган административдик имараттарды жана курулмаларды (кеңселерди), лабораторияларды, ошондой эле санаториялык-курорттук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана эксплуатациялоону каржылоого багыттоого;
6) Министрликтин макулдугу менен кирешенин бир бөлүгүн Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине турак жайларды (батирлерди) берүү максатында көп кабаттуу турак жайларды долбоорлоону жана курууну каржылоого багыттоого;
7) Министрликтин макулдугу менен кирешенин бир бөлүгүн мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга багыттоого;
8) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Департаменттин компетенциясынын алкагында убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында Департаменттин окуу дисциплиналарынын профилине ылайык кафедраларды уюштурууга;
10) адистердин, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын өкүлдөрүн окутууну, квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн окуу борборлорун түзүүгө;
11) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгектик макулдашуулардын же келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
12) Министрликтин макулдугу менен Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк адистерди тартууга;
13) Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында өзүнүн атынан доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз берүүчү же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
14) Министрликтин макулдугу менен Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет өлкөдө иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле аталган иш-чараларга чет өлкөдө катышууга;
15) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү семинарларды, конференцияларды жана форумдарды, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларды уюштурууга, аларга катышууга, Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн атынан аларга чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө;
16) Министрликтин макулдугу менен Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөдө өткөрүлүүчү семинарларга, конференцияларга жана форумдарга, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларга катышууга, Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн атынан аларга чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө;
17) шаар куруу, архитектура, курулуш жаатында инновациялык технологияларды өздөштүрүү, эксплуатациялоо жана киргизүү, курулуш процессине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Департаменттин компетенциясынын чегинде курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
18) Департаменттин компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
19) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
20) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү иштерди аткаруу маселелери боюнча Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы менен атаандаштык жол-жоболорун жүргүзүүнү талап кылбаган шарттарда, башкача айтканда түздөн-түз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директордун орун басарлары болот, алар Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
14. Директор:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын, анын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Департаментти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат, узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү иш пландарын бекитет;
3) Департаменттин ишине тиешелүү тармакты же секторду өнүктүрүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашырууга катышат;
4) Департаменттин ишине жаңы технологияларды жана иштөө методдорун киргизүүнү демилгелейт;
5) жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт, Департаменттин атынан сүйлөшүүлөргө катышат;
6) Министрликке штаттык расписаниени, түзүмдү, чыгашалар жана кирешелер сметасын, анын ичинде аймактык башкармалыктарды, ошондой эле филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү бекитүүгө киргизет;
7) Департаменттин финансылык-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат, мүлктү жана финансылык каражаттарды башкарууну жүзөгө ашырат, ошондой эле Министрлик тарабынан бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметасына ылайык кирешелерди тескейт;
8) Департаменттин чыгашаларын оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат, алардын сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылат;
9) Департаментти өнүктүрүү үчүн каржылоонун кошумча булактарын тартууга катышат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
11) орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
12) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коет, Департаменттин кызматкерлерине, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине карата белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
13) Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, кайра даярдоону жана кесиптик өнүктүрүүнү уюштурат;
14) эмгек мыйзамдарына ылайык эмгектик талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечет;
15) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
16) Министрликтин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылат;
17) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн алдына коюлган милдеттердин аткарылышынын сапатын контролдоону уюштурат;
18) Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын коргойт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
19) өз компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат, ошондой эле Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коет;
20) аймактык башкармалыктарды, анын ичинде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүдө алар жөнүндө жоболорду, штаттык расписаниени, түзүмдү, ошондой эле кирешелер жана чыгашалар сметасын Министрликке бекитүүгө берет;
21) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
22) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата тартиптик чараларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
23) Министрликке отчеттуулукту өз убагында даярдоону жана берүүнү камсыз кылат;
24) документтерди архивдөөнү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мыйзам талаптарына ылайык уюштурат;
25) жарандардын кайрылуулары жана мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын карайт;
26) Департаментте эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана маалыматты коргоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
7-глава. Департаменттин мүлкү
15. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген жана Департаменттин балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Департамент жана анын аймактык башкармалыктары, анын ичинде филиалдар жана өкүлчүлүктөр өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштешет, мында каражаттардын булактары болуп гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
17. Департамент жана анын аймактык башкармалыктары, анын ичинде филиалдар жана өкүлчүлүктөр ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленүүчү жана бекитилүүчү өз ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10% ашпаган суммасын которот.
18. Департаменттен анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылган мүлкүн алып коюу менчик ээсинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
19. Департаменттин иши ал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат.
20. Департаменттин ишинин процессинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)

27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)