Загрузка документа…
2025-жылдын 31-июлундагы
№ 460 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобо (мындан ары – Жобо) жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизминин (мындан ары – эрте кабарлоо механизми) максаттарын, милдеттерин жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
координаторлор – респонденттердин жооптуу кызмат адамдары;
баңгизаттар жана баңгизаттарга көз карандылык боюнча комиссия – жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын конкреттүү түрлөрүнөн келип чыккан тобокелдиктерди жана коркунучтарды талдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмегине (мындан ары – Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмеги) же Күчтүү таасир берүүчү заттардын тизмесине киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн алардын өлчөмдөрүн аныктоо боюнча негизделген сунуштарды киргизүү үчүн өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырууга чакырылган кеңешүүчү орган;
Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми – баңгизаттык кырдаалга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү, жаңы баңгизаттарды, жаңы психоактивдүү заттарды, предпрекурсорлорду жана прекурсорлорду алмаштыруучуларды өз убагында аныктоону жана алардын пайда болушу жөнүндө маалымат алмашууну камсыз кылуучу, ошондой эле алар менен байланышкан тобокелдиктерди баалоону жана чара көрүү жана калктын саламаттыгына келтирилүүчү коркунучтарга каршы аракеттенүү чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу кызыкдар мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын (мындан ары – ЖӨБО) камтыган ведомстволор аралык, көп профилдүү, туруктуу иштөөчү система;
жаңы баңгизаттар – Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары – БУУ) 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциясынын, БУУнун 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциясынын жана БУУнун 1988-жылдагы Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын (мындан ары – эл аралык конвенциялар) тизмелерине же болбосо Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары – ЕЭК) тизмесине киргизилген, бирок “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегине киргизилбеген заттар;
жаңы психоактивдүү заттар – эл аралык конвенциялардын жана ЕЭК чечимдеринин алкагында контролдонбогон жана Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегине киргизилбеген, бирок калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудурган химиялык субстанциялар же табигый жол менен пайда болгон препараттар түрүндөгү психоактивдүү заттар;
психоактивдүү заттар – кабыл алууда же адамдын организмине киргизүүдө психикалык процесстерге таасир берүүчү химиялык субстанциялар же табигый жол менен пайда болгон препараттар;
жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын реестри – жаңы баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын, ошондой эле предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат базасы;
респонденттер – республикалык мониторинг жүргүзүү борбору менен өз ара аракеттенген министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун профилдик бөлүмдөрү;
жаңы баңгизаттарга, жаңы психоактивдүү заттарга, предпрекурсорлорго жана прекурсорлорду алмаштыруучуларга мониторинг жүргүзүү республикалык борбору (мындан ары – республикалык мониторинг жүргүзүү борбору) эрте кабарлоо механизминин негизги элементи болуп саналат. Республикалык мониторинг жүргүзүү борбору бул механизмдин иштешин камсыз кылат, жаңы баңгизаттарды, жаңы психоактивдүү заттарды, предпрекурсорлорду жана прекурсорлорду алмаштыруучуларды жүгүртүү менен байланышкан кырдаалг мониторинг жүргүзөт, ошондой эле көрсөтүлгөн заттардын Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары таралышын болтурбоо максатында эрте кабарлоо механизминин катышуучуларынын ишин координациялайт;
күчтүү таасир берүүчү заттар – баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине киргизилбеген, адамдын организмине психоактивдүү таасир берүүчү же күчтүү таасир берүүчү заттардын тизмесине киргизилген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар.
3. Бул Жобо эрте кабарлоо механизминин иштөө принциптерин, уюштуруучулук түзүмүн, эрте кабарлоо механизминин катышуучуларынын тапшырмаларын, функцияларын, укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
4. Эрте кабарлоо механизминин катышуучулары болуп Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдары жана ЖӨБО, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары – ЖМК), башка юридикалык жана жеке жактар эсептелет.
5. Эрте кабарлоо механизминин катышуучулары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Эрте кабарлоо механизминин максаттары жана милдеттери
6. Эрте кабарлоо механизминин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын таралышы менен байланышкан коркунучтарды өз убагында аныктоо жана чара көрүү аркылуу калктын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу;
– калк арасында жаңы баңгизаттарды жана жаңы психоактивдүү заттарды кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиктерин азайтуу жана келтирилген зыяндын деңгээлин төмөндөтүү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушуна мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын өнүктүрүү;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүлүшүн контролдоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, ведомстволорунун жана ЖӨБОнун, ошондой эле эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын ортосунда кызматташууну бекемдөө;
– жүгүртүүдө жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушуна өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо;
– эрте кабарлоо механизминин иштешинин алкагында маалыматтарга мониторинг жүргүзүүнү, чогултууну, берүүнү жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырууда белгиленген тартипте эрте кабарлоо механизминин бардык катышуучуларынын, анын ичинде компетенттүү мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын, ЖМКнын, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.
7. Эрте кабарлоо механизминин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүлүшү менен байланышкан кырдаалга мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына, ЖӨБО жана калкына, ошондой эле эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдарга жүгүртүүдө жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө өз убагында маалымдоону камсыз кылуу;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын андан ары таралышын алдын алуу максатында эрте кабарлоо механизмине катышуучулардын ишин координациялоо;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүлүшү менен байланышкан тобокелдиктерди талдоо жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүлүшүнө мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө эл аралык өз ара аракеттенүүнү, маалымат жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү;
– жаңы баңгизаттарды жана жаңы психоактивдүү заттарды кыянаттык менен пайдалануу менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө адистердин жана калктын кабардар болуусун жогорулатуу;
– жаңы баңгизаттарга жана жаңы психоактивдүү заттарга болгон суроо-талапты жана сунушту азайтуу боюнча, анын ичинде профилактикалык жана билим берүү программалары аркылуу сунуштарды иштеп чыгуу;
– жаңы баңгизаттарды, жаңы психоактивдүү заттарды, предпрекурсорлорду жана прекурсорлорду алмаштыруучуларды Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегине, Күчтүү таасир берүүчү заттардын тизмесине киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун жана аларды камтыган тирүү организмдердин, ошондой эле күчтүү таасир берүүчү заттардын өлчөмдөрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3-глава. Эрте кабарлоо механизминин түзүмү
8. Эрте кабарлоо механизми функциялык жактан төмөнкүлөрдөн турат:
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүлүшүнө мониторинг жүргүзүү;
– жаңы баңгизаттарды, жаңы психоактивдүү заттарды, предпрекурсорлорду жана прекурсорлорду алмаштыруучуларды Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегине жана Күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмесине киргизүү предметине карата баалоо.
9. Эрте кабарлоо механизми институционалдык жактан төмөнкүлөрдөн турат:
– республикалык мониторинг борбору;
– республикалык мониторинг борбору менен өз ара аракеттенүүчү респонденттер ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык;
– баңгизаттар жана баңгизатка көз карандылык боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия).
4-глава. Мониторинг системасы
10. Республикалык мониторинг борборунун ролун баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмү аткарат.
Республикалык мониторинг борборунун функциялары:
– респонденттердин ишин координациялоо;
– отчеттуулук чөйрөсүндө нускамаларды иштеп чыгуу;
– респонденттерден келип түшкөн жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүүдө пайда болушу жөнүндө маалыматтарды чогултууну, жалпылоону жана талдоону уюштуруу;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын реестрин электрондук башкаруу мыйзамдарына ылайык түзүү жана жүргүзүү;
– эрте кабарлоо механизминин веб-сайтын түзүү жана жүргүзүү;
– кызыкдар мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же ЖӨБОго жана Комиссияга жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө маалымдоо;
– окуу программаларын жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүлүшүнүн потенциалдуу тобокелдиктерин баалоо;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө отчетторду чыгаруу жана жарыялоо;
– жаңы баңгизаттарга, жаңы психоактивдүү заттарга, предпрекурсорлорго жана прекурсорлорду алмаштыруучуларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо чөйрөсүндөгү маалыматтарды, тажрыйбаларды жана мыкты практикаларды алмашуу үчүн эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин адистештирилген мекемелери менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүү;
– көйгөйлөрдү аныктоо, жетишилген жыйынтыктарды талдоо жана ошондой эле механизмдин катышуучуларынын ачыктыгын жана жоопкерчилигин камсыз кылуу максатында Комиссия тарабынан бекитилген натыйжалуулуктун индикаторунун негизинде Эрте кабарлоо механизминин иштешинин натыйжалуулугун баалоо;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткаруу.
Республикалык мониторинг борборунун укуктары:
– кызыкдар мамлекеттик органдар, ЖӨБО жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү, анын ичинде алардан өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды белгиленген тартипте суроо жана алуу, аталган органдардын жана уюмдардын көрсөтүлгөн кызмат адамдарын (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча) республикалык мониторинг борборунун ишине катышуусу үчүн чакыруу;
– отчеттуулук чөйрөсүндөгү нускамаларды бекитүү;
– респонденттерге эрте кабарлоо механизминин алкагында өздөрүнүн функцияларын аткарууга байланыштуу сунуштарды жана сын пикирлерди киргизүү;
– респонденттерди жана координаторлорду (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча) окутуу жана башка иш-чараларга катышууга тартуу;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын тартуу, өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында эл аралык, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардан техникалык, гуманитардык жана финансылык жардам алуу жана пайдалануу.
Республикалык мониторинг борбору менен өз ара аракеттенген респонденттердин функциялары:
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүүдө пайда болушу жөнүндө баштапкы маалыматтарды чогултуу, жалпылоо жана иштеп чыгуу (изилдөөлөрдү жүргүзүүнү кошкондо);
– республикалык мониторинг борборуна белгиленген тартипте жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүүдө пайда болушу жөнүндө маалымдоо;
– республикалык мониторинг борбору тарабынан уюштурулуучу окутуу жана башка иш-чараларга катышуу.
11. Министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун профилдик бөлүмдөрүнүн жетекчилиги – республикалык мониторинг борбору менен өз ара аракеттенүүчү респонденттер жооптуу кызмат адамдарынын ичинен координаторлорду дайындайт.
Координатордун функциялары:
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүүдө пайда болушу жөнүндө баштапкы маалыматтарды чогултуу, кийинчерээк аларды талдоо жана чечим кабыл алуу үчүн борборго жөнөтүү;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүүдө пайда болушу жөнүндө баштапкы маалыматтарды талдоо;
– жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүүдө пайда болушу жөнүндө белгиленген тартипте республикалык мониторинг борборуна маалымдоо;
– отчет формаларын жакшыртуу боюнча республикалык мониторинг борбору менен өз ара аракеттенүү;
– республикалык мониторинг борбору тарабынан уюштурулган жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүүдө пайда болушун аныктоо жана аларга чара көрүү маселелери боюнча окутуулардан үзгүлтүксүз өтүү.
Координатор республикалык мониторинг борборуна маалыматтын өз убагында берилишине жана ишенимдүүлүгүнө жооп берет жана анын сунуштамаларынын аткарылышы жөнүндө жылдык отчет берет.
Координатор жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын жүгүртүлүшүнө байланыштуу коркунучтарга мүмкүн болгон чара көрүүлөр боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
5-глава. Баалоо системасы
12. Комиссия жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын конкреттүү түрлөрүнөн келип чыгуучу тобокелдиктерди жана коркунучтарды талдоо жана аларды Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегине, ошондой эле Күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмесине киргизүү боюнча негиздүү сунуштарды киргизүү үчүн өз ишин ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырууга чакырылган кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
Комиссиянын функциялары:
– республикалык мониторинг борборунан алынуучу жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын айрым түрлөрүнүн жүгүртүүдө пайда болушу жөнүндө маалыматтарды талдоо;
– ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жаңы баңгизаттарды, жаңы психоактивдүү заттарды, предпрекурсорлорду жана прекурсорлорду алмаштыруучуларды Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегине, ошондой эле Күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмесине киргизүү боюнча негиздүү сунуштарды киргизүү, алардын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон өлчөмдөрүнүн долбоорун иштеп чыгуу.
Комиссиянын укуктары:
– Комиссиянын ишинин регламентин бекитүү;
– Комиссиянын төрагасын шайлоо жана Комиссиянын жооптуу катчысын бекитүү;
– Комиссиянын компетенциясына кирген өзүнчө маселелерди чечүү үчүн зарылчылыкка жараша убактылуу же туруктуу негизде техникалык секторлорду түзүү;
– Баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын тизмегине жана Күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмесине киргизүү максатында жаңы баңгизаттарды, жаңы психоактивдүү заттарды, предпрекурсорлорду жана прекурсорлорду алмаштыруучуларды баалоо методикасын бекитүү;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алууну талап кылган маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуштарды киргизүү;
– Комиссиянын ишине катышуу үчүн белгиленген тартипте көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу;
– зарыл болгон учурда Комиссиянын курамына кирбеген кызыкдар мамлекеттик органдардын, ЖӨБО жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйналыштарды өткөрүү, ошондой эле окутуучу жана башка иш-чараларды уюштуруу;
– кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү, анын ичинде алардан Комиссиянын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча керектүү материалдар менен маалыматтарды белгиленген тартипте суроо жана алуу, бул органдардын жана уюмдардын кызмат адамдарын (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча) Комиссиянын ишине катышуусу үчүн чакыруу.
13. Комиссиянын мүчөлөрү (дайындоо боюнча) болуп ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык кызыкдар министрликтер, ведомстволор саналат.
14. Комиссиянын курамына дайындоо боюнча Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен бекитилүүчү жекече түрдө мүчөлөр кирет (дайындоо боюнча Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын 20 %ынан ашпаган).
15. Комиссиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссия мүчөлөрүнүн кеминде жарымынан кем эмеси катышканда чечим жарактуу деп эсептелет. Эгерде Комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тең бөлүнүп калса, төраганын добушу чечүүчү мааниге ээ болот.
16. Комиссиянын мүчөлөрү өз ишин ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырат.
17. Комиссиянын ишин, анын ичинде жыйналыштарды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин камсыз кылган Комиссиянын катчылыгы болуп баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмү эсептелет.
Комиссиянын жооптуу катчысы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмүнүн кызматкерлеринин же жумушчуларынын ичинен Комиссиянын ишинин регламенти менен аныкталган тартипте бекитилет.
Комиссиянын жооптуу катчысы:
– Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүнү уюштурат;
– жыйналыштарга материалдарды даярдоону, күн тартибинин долбоорлорун жана чечимдерди таратууну камсыз кылат;
– жыйналыш өткөрүлүүчү күнгө чейин беш жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыш өткөрүлө турган датасы, орду жана убактысы, ошондой эле күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу маалымдоону камсыз кылат;
– республикалык мониторинг борборунан жыйналышка даярдык көрүү үчүн керектүү материалдарды алып, аларды белгиленген тартипте Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтөт;
– жыйналыштардын протоколдорун жүргүзөт;
– Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча чечимдердин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
– Комиссиянын иши боюнча документтерди тариздейт, Комиссиянын мүчөлөрү, юридикалык жана жеке жактар менен кат алышууну жүргүзөт.
Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын,предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобого
1-тиркеме
Жаңы баңгизаттарга, жаңы психоактивдүү заттарга, предпрекурсорлорго жана прекурсорлорду алмаштыруучуларга мониторинг жүргүзүү республикалык борбору менен өз ара
аракеттенүүчү респонденттердин
тизмеси
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигининЭксперттик-криминалистикалык кызматы
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медицина башкармалыгы
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин облустардагы жана Бишкек,Ош шаарларындагы ички иштер башкармалыктары
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борбору
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу жана вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат
10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинекараштуу Пробация департаменти
11. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининЭл аралык уюмдар департаменти
12. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы
13. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-медициналык башкармалыгы
14. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмү
15. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
16. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
17. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти
18. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору
19. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгы
20. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти
21. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмү
22. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
23. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Эксперттик жана баңгизатка каршы бөлүмү
24. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
26. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары
27. Бишкек шаарынын мэриясы
28. Ош шаарынын мэриясы
Кыргыз Республикасында жаңы баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын,предпрекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө эрте кабарлоо механизми тууралуу жобого
2-тиркеме
Баңгизаттар жана баңгизатка көз карандылык боюнча комиссиянын (дайындоо боюнча)
курамы
Баңгизаттар жана баңгизатка көз карандылык боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын;
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын;
3) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун;
6) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин;
7) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин;
8) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун;
9) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын;
10) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун;
11) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин;
12) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын;
13) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-медициналык башкармалыгынын;
14) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу бөлүмүнүн;
15) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин;
16) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин;
17) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун;
18) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын;
19) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
20) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
21) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (макулдашуу боюнча).