Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 11-сессиясы
2022-жылдын 22-апрели № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” № 54 Жарлыгына ылайык Момбеков айыл өкмөтүндө түзүлгөн Жобону бекитүү жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.Аджыханованын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүксалтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” № 54 Жарлыгына ылайык Момбеков айыл өкмөтүндө түзүлгөн Жобону бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 11-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси
Г Аджыханованын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүксалтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү”№ 54 Жарлыгына ылайык Момбеков айыл өкмөтүндө түзүлгөн Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
3. Кабыл алынган Жобону жер-жерлерде элге жеткирүү жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык масаелелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы К. Абдыжапаровго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
| И.Абдыразак уулу |
Момбеков айыл аймагынын Момбеков ХХVIII чакырылышынын 11-сессиясынын № 1 токтомунун тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы
“Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү”
№ 54 Жарлыгына ылайык Момбеков айыл өкмөтүндө түзүлгөн
Жобосу
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн ( сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, ажы тою маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт. Үйлөнүү үлпөт тойлордо ысырапкерчиликке жол бербөө жана 3 автоунаадан ашык чыгарбоо, чакырылган адамдын саны 250 дөн ашпоого тийиш.
3.3. Бешик той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, ажы той, юбилейлер үй бүлөлүк майрам катары белгиленип, жакын туугандарынын катышуусу менен адам санын 50 дөн ашырбастан өткөрүлүүгө тийиш.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кырк) өткөрүүдө мал союуга болбойт (тыюу салынат).
4.2. Маркумдун сөөгүн коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт жана сөөк коюуда жана аза күтүү ырым-жырым болуп жаткан үйдө үч күн ичинде ири бодо мал, жылкы, кой жана башка жандыктарды союуга тыюу салынат. Үч күндөн кийин бир күндү белгилеп, 1 кой союп, маркумдун эскерүүсү өткөрүлүп, боз үй бузулсун жана эскерүү учурунда дасторкон жасоодо ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбейт.
4.3. Сөөк коюуда маркум чыгарылган үйдө же кошуналарынын үйүндө согум союга тыюу салынат.
4.4. Маркумдун уул, кыздары жана жакындары айылдарда же кафелерде каадаларды өткөрүүгө жол берилбейт.
4.5. Сөөк коюуда, той-аштарда себеттер, материалдарды алып барууга жол берлбей
4.6. Сөөк коюуда, аза күтүүдө келгендерди конок кылып сыйлоого, ошондой эле жай казгандардан, сөөк жуугандардан башкаларга акча же буюмдарды берүүгө жана ырымдап сандык ачууга, “көк кийди”, “ак кийди”, “кийит кийгизүү” жана “жыртыш” сыяктуу ырым-жырымдарды жасоого жол берилбейт.
4.8. Сөөк коюудан кийин болуучу “үчтүк”, “бейшембилик”, “кырк”, “жылдык” маркумду эскерүү ырым-жырымдары тамак-аш берүүсүз , маркумга куран окуп, бата кылуу формасында жакын туугандарынын катышуусунда 1,2 майда жандык союп өткөрүлөт.
4.9. Айт майрамы үй бүлөлүк майрам катары белгиленсин.
5. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүүкомиссия айыл өкмөтүндө түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, тиешелүү кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, 200 000 сом айып акча салынат, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.