Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 416
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
1) 1-пункттун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик башкаруу секторунун ички аудити, ички контролу, бухгалтердик эсепке алуусу жана финансылык отчеттуулугу;";
2) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Министрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функцияларын:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин ирилештирилген болжолдуу көрсөткүчтөрүн эсептейт, мамлекеттик бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт;
- орто мөөнөттүү бюджеттик негиздин болжолдуу параметрлерин эсептейт жана орто мөөнөттүү мезгилге Фискалдык саясаттын негизги багыттарын түзөт;
- кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун, ошондой эле бекитилген республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун түзөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) берет;
- кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджетинин ирилештирилген болжолдуу көрсөткүчтөрүн эсептейт;
- пландалган мезгилге бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча контролдук цифраларды эсептейт;
- кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт;
- мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн тиешелүү жылдарга болжолдорун түзөт;
- кирешелердин иш жүзүндө түшүүлөрүнө жана чыгымдарга мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- кирешелерди мобилизациялоо жана бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бекитилген ченемдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирет;
- бюджеттер аралык мамилелердин системасын өркүндөтүү боюнча бирдиктүү саясат жүргүзөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттик ссудаларды берүү жөнүндө Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
- республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар формасында ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун планын белгилейт жана тизмегин түзөт;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышын кассалык тейлөөнү ишке ашырат;
- мамлекеттик бюджеттин туруктуулугуна карата фискалдык тобокелдиктерге талдоо жана баалоо жүргүзөт;
- мамлекеттик бюджетти финансылык ресурстар менен камсыз кылууну кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелерине фискалдык кайра түзүүлөрдүн таасирине баалоо жүргүзөт;
- өнүктүрүү бюджетин (мамлекеттик инвестициялардын, капиталдык салымдардын жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорлорун), мамлекеттик инвестициялардын жана кепилдиктердин алкагындагы тышкы финансылык, техникалык жардамды аткарууну, эсепке алууну жана талдоону ишке ашырат;
- мамлекеттик ички жана тышкы карызды болжолдойт жана талдайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана Министрлер Кабинетине берет;
- мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзөт;
- Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттик каражаттар менен операцияларды белгиленген тартипте башкарат;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм системаларына, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары катышуусун уюштурат;
- республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттерди башкарат, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыз кылат;
- баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операциялардан тышкары), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуулуктарын жана Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик запастарын пайдалануу, жүгүртүү, сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга жайгаштырат;
- мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн өзгөртүүгө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун карайт жана корутундуларды берет;
- салыктык жана бажылык түшүүлөрдү, камсыздандыруу төгүмдөрүн, ошондой эле салыктык эмес кирешелерди башкаруу функцияларын координациялоону камсыз кылат;
- салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- тиешелүү чөйрөдөгү кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик тышкы карыз алууларды жана өнүктүрүүгө расмий жардамды тартуунун жана жайгаштыруунун мамлекеттик саясатын жана стратегиясын аныктайт жана ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун бюджетинин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан даярдалган өнүктүрүүгө расмий жардамдын жана эл аралык келишимдердин, меморандумдардын жана макулдашуулардын долбоорлоруна талдоо жана баалоо жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;
- тышкы жана ички зайымдык каражаттарды тартуу, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүү боюнча Министрлер Кабинетинин жалгыз агентинин функцияларын ишке ашырат;
- бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде бюджеттик процесстин бөлүштүрүлгөн автоматташтырылган системаларынын маалыматтык-телекоммуникациялык тармагынын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегияларды, программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- белгиленген тартипте региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын башкарат;
- Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелери менен валюталык активдерди алмашуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- ички жана эл аралык капитал рынокторунда мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну жана жайгаштырууну жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик баалуу кагаздар бөлүгүндө жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгат жана ишке киргизет;
2) жөнгө салуучу функцияларын:
- салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн суммаларын, анын ичинде аларга карата колдонулган айыптарды жана пайыздарды алардын түшүүлөрүн эсепке алуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү үчүн кайтарып берет;
- салыктык эмес кирешелер жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте кабыл алат;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казууга жана баштапкы кайра иштетүүгө байланышкан операциялардан тышкары), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондусунун баалуулуктарын жана Баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик запасын пайдалануу, жүгүртүү, сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- юридикалык жана жеке жактардын баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдө, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын камсыз кылат;
3) координациялоо, контролдоо, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү функцияларын:
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышынын жүрүшүн контролдойт жана талдоо жүргүзөт;
- республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттерди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну контролдойт;
- өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалары боюнча бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин жана контракттарын эсептик каттоодон өткөрөт;
- жалпы мамлекеттик салыктардын, салыктык эмес жана башка кирешелердин бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүлүшүнө, ошондой эле бюджеттер аралык трансферттердин пайдаланылышына мониторинг жана контроль жүргүзөт;
- баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларга, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча мониторинг жүргүзүүнү, жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат;
- финансылык активдерди эсепке алууну, мониторинг жүргүзүүнү жана башкарууну жүзөгө ашырат;
- ички аудит жана ички контроль чөйрөсүндөгү ишти координациялайт;
- Министрликтин компетенциясынын алкагында эл аралык финансы институттары жана донордук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт жана ишке ашырат;
- товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялайт жана жөнгө салат;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү, финансылык башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынын ортосундагы маалымат алмашууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансылык башкаруу органдарынын тармактык маалымат базасын камтыган борборлоштурулган маалымат сактоосун уюштуруу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн координациялайт жана интеграциялайт;
- мамлекеттик ички контролдоого мониторинг жүргүзөт жана мамлекеттик ички контролдоо маселелери боюнча методологиялык колдоону камсыз кылат;
- мамлекеттик башкаруу секторунда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана ички аудиттин стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту киргизүү процессин координациялайт;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин интеграциялык бирикмелеринин жана Кыргыз Республикасы мүчө болгон жана мүчөлүк төгүмдөрдү бюджетине төлөгөн эл аралык уюмдардын бюджетинин каражаттарын пайдаланууга ревизия (контроль) жүргүзүү процессине катышат;
- жөнгө салуучу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- пландык көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана контролдойт;
- мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген штаттык тартиптин сакталышын контролдойт жана ага мониторинг жүргүзөт;
- штаттык сандын чеги жана эмгек акы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине мамлекеттик башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин штаттык санынын жана эмгек акысынын ылайык келүүсүнө талдоо жүргүзөт;
- бюджеттик мекемелердин эсептерине мониторинг жүргүзөт жана аларды контролдойт;
- ички аудит кызматтары тарабынан ички аудиттин стандарттарынын, этикалык стандарттардын жана ички аудит боюнча методологиянын сакталышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жана сертификаттоо үчүн курстарды уюштурат;
- ички аудиттин стандарттарын, этикалык стандарттарды жана кызматтык нускамаларды иштеп чыгат жана бекитет;
- Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт;
4) кызматтарды көрсөтүү функцияларын:
- Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;
5) колдоо функцияларын:
- бюджеттик мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттардын методологиялык базасын, мамлекеттик бюджетти кассалык аткаруу боюнча операцияларды, программалык негизде бюджеттерди түзүүнү жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- Мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугунун, ички аудитинин жана ички контролдоонун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун методологиялык базасын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- эл аралык келишимдерди түзүү жол-жобосуна, эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, чет мамлекеттердин коммерциялык эмес уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну ишке ашырууга катышат;
- жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө статистикалык жана аналитикалык отчетторду чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматты жайылтат;
- сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин бирдиктүү республикалык реестрлерин жана жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын, ошондой эле ак ниетсиз жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлар резервин түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит жана ички контролдоо системасын өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат;
- белгиленген тартипте ички аудиторлорду сертификациялоодон өткөрөт;
- Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдында кепилдик берүүчү катары чыгат;
- кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окутууну уюштурат жана жүргүзөт.";
3) 13-пункттун 15-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, жаза чараларын колдонууга, ошондой эле укук бузуулар үчүн кошумча укуктук кесепеттерди колдонууга;";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
"171. Жетекчилер коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштетүүгө багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |