Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 420
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин ишин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы диалогдун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана 1, 2-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Инвестициялык кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө жободо:
- аталышында "Инвестициялык кеңеш жөнүндө" деген сөздөр "Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктта "Инвестициялык кеңеш" деген сөздөр "Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5, 6, 7-пунктчалар менен толукталсын:
"5) экологиялык багыттагы жана туруктуу инвестицияларды тартууга дем берүү;
6) бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин өнүктүрүү жана ишкердик субъекттерин укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү максатында Кеңештин ишине байланышкан консультацияларды, жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды, форумдарды жана башка уюштуруучулук жана маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
7) ишкерлердин даттанууларын жана сунуштарын берүү үчүн электрондук онлайн-платформаны түзүү.";
- 6-пунктта:
1-пунктча "МЖӨ алкагында" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде Кеңештин мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана башка мамлекеттик институттардын, ассоциациялардын жана ишкерлер бирикмелеринин демилгеси боюнча өзүнүн жыйналыштарында Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү маалыматтарды угуу;";
6-пунктча "эксперттерди тартуу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кеңештин компетенциясына кирген бизнестин көйгөйлүү маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) мамлекеттик органдарга сунуштамаларды киргизүү укугу менен инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү.";
- 8-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчиси;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);";
- 18-пункт "Кеңештин күн тартиби" деген сөздөрдөн кийин "экономикалык өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, ошондой эле тармактык мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин жана кабыл алынуучу чечимдердин долбоорлорун макулдашуу үчүн экономикалык өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.";
- 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- бизнестин өкүлдөрү тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер боюнча маалымат чогултат жана талдоо жүргүзөт, аларды чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |