Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 30-июлу № 171
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-бөлүктөр менен толукталсын:
"6. Нотариалдык акт - нотариус тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн жана нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же чет өлкөлүк мекемелердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн документ.
7. Нотариалдык акт мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн юридикалык мааниге ээ болгон укуктардын, милдеттердин, ошондой эле фактылардын жана жагдайлардын расмий ырастоосу катары кызмат кылат.
8. Нотариалдык актылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары, жарандар жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү.";
2) 4-беренеде:
а) 2-бөлүктө "бир жылдан" деген сөздөр "үч жылдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "3 айдан ашпоого тийиш" деген сөздөр "6 айды түзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүктө "5 жылдан кем эмес" деген сөздөр "2 жылдан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 14-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 2-1-бөлүгүндө аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө универсалдуу лицензия;";
4) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кесиптик квалификациясын жогорулатпаганда - окуудан өткөнгө чейин.";
5) 18-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганда.";
6) 19-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Нотариалдык округдагы нотариустардын санынын чеги Нотариалдык палата менен биргеликте Юстиция министрлиги тарабынан нотариалдык округдагы калктын санына жана жыштыгына жараша төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат:
а) республикалык маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 5000 адамга бир нотариус;
б) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 10000 адамга бир нотариус;
в) райондордун чектеринде белгиленген нотариалдык округдарда - 15000 адамга бир нотариус.";
7) 25-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кесиптик квалификациясын Нотариалдык палата аныктаган тартипте эки жылда бир жолудан кем эмес жогорулатууга.";
8) 37-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жеке нотариустардын жалпы чогулушу, эгерде анын ишине делегаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп таанылат. Делегаттардын өкүлчүлүгү жалпы чогулушта ар бир аймактык өкүлчүлүктө катталган нотариустардын жалпы санынын 10 пайызынын эсебинде аныкталат.";
б) 17-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Текшерүү комиссиясынын, Этика боюнча комиссиянын жана Кеңештин мүчөсү боло албайт.";
9) 39-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 27-пункт менен толукталсын:
"27) макулдуктарды күбөлөндүрөт.";
б) 2-бөлүктө "Мүлктү" деген сөз "Кыймылсыз мүлктү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 116-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 2-пунктунун "б" пунктчасын жана 6-пунктун кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |