Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 30-июлу № 174
2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча алкактык макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча агенттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын институтунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча алкактык макулдашуу, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча агенттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын институтунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына жана Ислам өнүктүрүү банкынын институтуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 58 (3714) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |