Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 16-июлу № 206
Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төөлөнүнүн шарттары жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрдү жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төөлөнүнүн шарттары жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 8-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төөлөнүнүн шарттары жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр”, 1-тиркемеге ылайык;
2) “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төөлөнүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр”, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти, Министрликтин Мониторинг,Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмдөрү, райондук, шаардык, райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому жана ушул Усулдук көрсөтмөлөр менен убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык жөлөкпулдарды берүүнү камсыз кылган ушул буйрукту жетекчиликке алсын жана так аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды дайындоо маселесин ушул буйрукту эске алуу менен туруктуу негизде Министрликтин райондук, шаардык, райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына практикалык жана методикалык жардамды көрсөтсүн.
4. Министрликтин райондук, шаардык, райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары:
1) кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы (мындан ары - СЖКМС) аркылуу ишке ашырсын;
2) кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул жөнүндө калк арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Министрликтин райондук, шаардык, райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчыларына кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду туура жана өз убагында дайындоо жана төлөп берүү боюнча жоопкерчилик жүктөлсүн.
6. Министрликтин Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) СЖКМСте кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө боюнча, ошондой эле кириш жана чыгыш маалыматтарын түзүү иштерин калыптандырууну;
2) СЖКМСтин башка ички ведомстволук маалыматтык системалар жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен өз ара аракеттенүүсүн;
3) СЖКМСтин маалыматтарын электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен интеграциялоо жана иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн.
7. Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий веб-сайтына жайгаштырсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 28-ноябрындагы № 145 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
10. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндүн ичинде күчүнө кирет.
11. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары А.К.Солтонбековага жүктөлсүн.
Министр |
| Р. А. Сабиров
|
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2025-жылдын 16-июлундагы
буйругуна 1-тиркеме
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөөнүнүн шарттары жөнүндө
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө” Усулдук көрсөтмөлөр:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) жана ушул Усулдук көрсөтмөлөргө ылайык берилет.
3. Усулдук көрсөтмөлөр аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана
миграция башкармалыктарына (мындан ары – ЭСКМБ) жана менчигинин формасына карабастан ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде иште колдонуу үчүн практикалык колдонмо болуп эсептелет.
4. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимдин чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген келишимдин катышуучулары болуп эсептелген төмөндөгү мамлекеттердин:
- Россия Федерациясынын;
- Казакстан Республикасынын;
- Белорусь Республикасынын;
- Армения Республикасынын жарандары убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.
Мындан тышкары, Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге ылайык Түркия Республикасынын жарандары убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.
Жогоруда аталган мамлекеттердин жарандарына убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жалпы негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамына, Жобого жана ушул усулдук көрсөтмөлөргө ылайык жалпы негизде дайындалат.
2-бөлүм. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөө
5. Жобонун 6-пунктуна ылайык убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы колдонулат.
Жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 токтому менен бекитилген Эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын тизмесине (мындан ары - Тизме) кирген төлөмдөр эсепке алынат.
Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысын эсептөө үчүн убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калган күнгө чейинки же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдындагы акыркы үч ай ичиндеги эмгек акынын суммасы ушул мезгилдеги иш күндөрдүн санына (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген дем алыш жана иш эмес майрам күндөрдү кошпогондо) бөлүнөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды/эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн орточо эмгек акыны эсептөөдө, эреже катары, айкалыштырып иштеген жеринен алынган эмгек акы эсепке кошулбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 135- токтому менен бекитилген “Коштоп иштегендердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө” жобонун токтомуна ылайык педагогигалык кызматкерлер өзгөчө болуп саналат. Алар үчүн башка мугалимдин окуу саатын алмаштыруу толук эмес жумуш убактысы катары эмес, кошумча жүктөө катары каралат.
1-мисал, эмгекке жарамсыздык баракчасы 2025-жылдын 5-июнунан баштап берилди. Бир күндүк орточо эмгек акысын эсептөө үчүн марттан баштап майга чейинки мезгили алынат, мында дем алыш күндөрү жана майрам күндөрү өндүрүштүк календарга ылайык кемитилет.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды эсептөөдө иш күндөрүнүн саны жылына Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен бекитилген өндүрүштүк календарга жана иш убактысынын нормасына ылайык аныкталат жана Министрликтин www.mlsp.gov.kg сайтында жана “Токтом мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системасында жайгаштырылат.
2-мисал, эмгекке жарамсыздык баракчасы 2025-жылдын 17-августунан баштап берилген.
Орточо бир күндүк эмгек акыны эсептейбиз.
Тизмеге ылайык эмгек акыны жана башка кошумча акылардын эсепке алуу менен эсептелген кызмат маянасы:
- майда – 20 000 сом 15 иш күн үчүн,
- июнда – 20 000 сом 21 иш күн үчүн,
- июлда– 20 000 сом 23 иш күн үчүн.
Үч айлык эмгек акы:
20 000 + 20 000+ 20 000 = 60 000 сомду түзөт.
Орточо бир күндүк эмгек акы:
60 000 сом : 59 иш күнүнө = 1017 сомду түзөт.
6. Эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги же кошумча өргүүдө жүргөн болсо, анда ушул өргүүлөргө чейинки үч айлык эмгек акысы эсепке алынат (Жобонун 10-пункту).
3-мисал, кызматкер 2025-жылдын 5-июнунан 10-июлуна чейин акы ар жылдагы эмгектик өргүүдө болгон жана 11-июлда жумушка чыгыш керек болчу. Бирок ал жумушка чыккан жок, себеби ооруп калды/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыкты, натыйжада ооруган/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдөгү бардык мезгили үчүн иш берүүчүгө эмгекке жарамсыздык баракчасын берди. Бул учурда орточо эмгек акыны эсептөөдө ушул өргүүгө чейинки үч айлык эмгек акысы б.а. март, апрель, май айындагы эмгек акысы эсепке алынат.
7. Эгерде кызматкер үч айдын ичинде толук эмес эмгек акы алса же убактылуу эмгекке жарамсыздык/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдында үч айдан кем иштеген болсо, анда бир күндүк орточо эмгек акы иш жүзүндө эсептелген эмгек акыны иш жүзүндө иштеген иш күндөрүнө бөлүү жолу менен эсептелет (Жобонун 14-пункту).
4-мисал, кызматкер 2025-жылдын 17-сентябрында ишке орношкон, ал эми 29-мартында ооруп калды/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыкты. Бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөө үчүн февраль - март айларында иштеген иш күндөрү үчүн алган факт жүзүндөгү эмгек акы алынат жана ушул иш күндөрүнө бөлүнөт.
Эгерде кызматкердин февраль айында иштеген күндөрү үчүн эмгек акысы – 9 000 сомду, май айында – 12 000 сомду түзсө, анда факт жүзүндө эсептелген эмгек акы бул мезгил үчүн:
9 000 сом + 12 000 сом = 21 000 сомду түзөт.
Сентябрь айындагы иш күндөрүнүн саны - 10 күн;
Октябрь айындагы иш күндөрүнүн саны - 20 күн;
Факт жүзүндө иштеген мезгилдин жалпы иш күндөрүнүн саны – 30 күн.
Бир күндүк орточо эмгек акынын өлчөмү:
21 000 сом : 30 иш күнү = 700 сом.
8. Эгерде кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү, кварталдык/жылдык сыйлык эсептелген мезгилге чейин башталган болсо, ушул сыйлыктар тиешелүү мезгил үчүн (квартал/жыл) бир күндүк орточо эмгек акыны аныктоо үчүн эмгек акынын факт жүзүндөгү эсебине кирет.
Ушуга байланыштуу, мурда кварталдык/жылдык сыйлыктарды эсепке албастан эсептелген алгачкы он иш күнү үчүн жөлөкпулду эсептөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы кайра эсептелүүгө тийиш.
5-мисал, кызматкердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы/кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү 2024-жылдын 26-ноябрында башталган, ал эми 2024-жылдын 30-декабрында уюмдун бардык кызматкерлерине бир эмгек акы өлчөмүндө сыйлык акы берилген. Эгерде кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча/кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эсептеле элек болсо, анда анын эсептөөсү бир күндүк орточо эмгек акыны өзгөрүлгөн сыйлык акыны кошуу менен эсептелиши керек. Эгерде кызматкерге жөлөкпул чектелген жана төлөнгөн болсо, анда керектүү үстөк акыны эсепке алуу менен жөлөкпулдун суммасы кайра эсептелет.
Жөлөкпулдун суммасын кайра эсептөө убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдардын өлчөмү жогорулаган учурда да жүргүзүлөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө киреше салыгы салынбайт жана камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт.
3-бөлүм. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулга укугун аныктоо жана дайындоо тартиби
§ 3.1. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулга укук
9. Иш берүүчү менен эмгек келишиминде турган кызматкер (мындан ары – кызматкер) эмгек келишими пайда болгон күндөн тартып эмгек келишими аяктаган күнгө чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга укуктуу (Жобонун 21-пункту).
6-мисал, кызматкер иш берүүчү менен 31-мартка чейин эмгек мамилелерде турган. 1-апрелден тартып өз каалоосу менен жумуштан бошотулган. Кызматкерди иштен бошотуу буйругуна 29-мартта кол коюлган, ал эми 30-мартта кызматкер ооруп калды жана апрель айында эмгекке жарамсыздык баракчасын тапшырды. Бул учурда кызматкер иш берүүчү менен эмгек мамиледе тургандыгына байланыштуу, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эки иш күнү үчүн, б.а. 30 жана 31-март үчүн дайындалат жана төлөнөт. Кызматкердин калган ооруган күндөрү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул дайындалбайт, себеби 1-апрелден тартып кызматкердин иш берүүчү менен эмгек мамилелери бузулган.
10. Өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн ишкерлер, дыйкан (фермер) чарбалардын мүчөлөрү (мындан ары – ДФЧ), расмий жумушсуздар убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга укугу жок.
§ 3.2. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү документтер
11. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн негизги документ болуп эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат.
Бирок, кээ бир учурларда кызматкерден кошумча документтерди талап кылынышы мүмкүн. Бул документтер эгерде кызматкер аныкталган бир категорияга кирсе (согуштук аракеттердин катышуучусу, Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюучусу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган адам, ооруп нурлануу дартына чалдыккан адам ж.б.). Кызматкерлердин категорияларынын жана кошумча документтердин тизмеси Жобонун 23-пунктунда каралган. Кошумча документтер убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн эсептөө үчүн керек, себеби жогоруда көрсөтүлгөн айрым кызматкерлер үчүн жөлөкпулдун өлчөмү жогору болот.
7-мисал, кызматкердин жалпы стажы жети жылды түзөт (ал аскердик кызматын Афганистанда өтөп келген, б.а. Афган согушунун катышуучусу,
2-топтогу майыптыгы бар), эгер ал согуштун майыбы кубөлүгүнүн көчүрмөсүн же белгиленген үлгүдөгү жеңилдиктерге укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берсе, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү бардык иш күндөрү үчүн орточо эмгек акынын 100% эсебинен эсептелет.
12. Кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтар кол коюлган жана күчүнө кирген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашуулардын негизинде электрондук форматта суралат.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу суроодо эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда жөлөкпул дайындоо үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы кагаз түрүндө берилет.
§ 3.3. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо тартиби
13. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн документтерди кабыл алууда иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасын электрондук каттоо журналына жазат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: катар номери, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасын иш берүүчүгө тапшырган датасы, кызматкердин фамилиясы, аты-жөнү, идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН), кызматы (кесиби, адистиги), жумуштун түрү, түзүмдүк бөлүмү, саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын номери жана датасы, эмгекке жарамсыздык баракчасын берген саламаттык сактоо уюмунун аталышы, жумуштан бошотулган мезгил (канчанчы күндөн канчасына чейин), эмгекке жарамсыз күндөрүнүн саны. Журналда кошумча эки бош графа болот, аларды иш берүүчү өз ыктыяры менен керек болгон учурда толтурушу мүмкүн.
14. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкерге иш берүүчү менен эмгектик келишим түзүлгөн (эмгек китепчеси турган) негизги иштеген жери боюнча бардык иш күндөрү үчүн иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен дайындалат.
8-мисал, кызматкер И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) эмгектик мамиледе турат, ошол эле жерде анын эмгек китепчеси турат. Бир жумада бир нече жолу кызматкер ЖОЖдын биринде лекция окуйт. Кызматкер ооруп калган учурда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул КММАда дайындалышы керек, б.а. негизги иштеген жери боюнча, кызматкердин эмгек китепчеси турган жерде.
15. Эгерде кызматкер эки эмгекке жарамсыздык баракчасын берсе (эмгекке жарамсыздыктын алгачкы баракчасы жана эмгекке жарамсыздык баракчасынын уландысы), анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул уландысы катары бир негизде дайындалат (Жобонун 31-пункту).
9-мисал, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 токтому менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча Нускаманын 25-пунктуна ылайык, эгерде кызматкер узакка созулган оору менен ооруса жана кезектеги эмгек акыны төлөө убактысына карата эмгекке жарамсыздыгы сакталып турган болсо, дарыгер “узартуу” эмгекке жарамсыздык баракчасын берет, ал эми биринчи баракчанын “жумушка чыгуу” графасында “узартылышы” белгиси көрсөтүлөт.
Бул учурда жөлөкпул эмгекке жарамсыздыктын биринчи баракчасын көрсөтүү менен дайындалышы мүмкүн, бирок мында кызматкер тарабынан эмгекке жарамсыздык баракчасынын узартуусун бергенде жөлөкпул ага мурда эле дайындалган жөлөкпулдун уландысы катары дайындала турганын эске алуу керек.
10-мисал, ооруп жаткан кызматкер кайрадан кезектеги эмгек акыны берүү мезгилине карата оорунун узактыгын (убактылуу эмгекке жарамсыздык) көрсөтүү менен 2025-жылдын 17-30-январына чейин биринчи эмгекке жарамсыздык баракчасын берди.
Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы – 1500 сом;
Эмгек тажрыйбасы – 9 жыл.
Биринчи он иш күнү үчүн жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 17-апрелден 28-апрелге чейин: 1500 сом * 10 иш күнүнө = 15 000 сомду түзөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б. а. 31-январь үчүн жөлөкпулдун өлчөмү айына 100 эсептик көрсөткүчтүн негизинде аныкталат, б. а. 10 000 сом жана:
10 000 сом : 19 иш күнүнө = 526 сомду түзөт.
Ооруган 11 иш күнү үчүн жөлөкпулдун жалпы өлчөмү:
15 000 сом + 526 сом = 15 526 сом.
Февраль айында кызматкер 1-февралдан 10-февралга чейин улантып, 11-майда ишке киришүүнү көрсөтүү менен эмгекке жарамсыздык баракчасын берди.
500 сом * 6 иш күнүнө = 3 000 сом.
11-мисал, ооруп жаткан кызматкер 2025-жылдын 14-апрелинен 16-апрелине чейин оорунун узактыгын (убактылуу эмгекке жарамсыздыгын) көрсөтүү менен алгачкы эмгекке жарамсыздык баракчасын тапшырды. Эмгекке жарамсыздык баракчасынын уландысын кызматкер 17-апрелден 14-майга чейин, 15-майда ишке киришүүнү көрсөтүү менен тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтому менен жөлөкпулду эсептөө үчүн колдонулуучу эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү 11-иш күнүнөн тартып 50 эсептик көрсөткүчтөн 100 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатылды.
Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы - 1 800 сом;
Эмгек стажы - 20 жыл.
Биринчи он иш күнү үчүн жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 14-апрелден 25-апрелге чейин: 1 800 сом * 10 иш күнүнө = 18 000 сомду түзөт.
Он биринчи иш күндөн тартып жөлөкпулдун өлчөмү (2025-жылдын 26-апрелинен 14-майына чейин) айына 100 эсептик көрсөткүчтүн эсебинен, б.а. 10 000 сомдон төмөнкү тартипте аныкталат:
- апрелде 10 000 сом/22 иш күнүнө = 454,5 сом * 3 иш күнүнө = 1 363,5 сом;
- майда 10 000 сом/15 иш күнүнө (2025-жылдын 1-майынан 9-майына чейин май каникулдары) = 666,6 сом * 3 иш күнүнө = 1999,8 сом.
Ооруган 20 иш күнү үчүн жөлөкпулдун жалпы өлчөмү:
18 000 сом + 3363,3 сом = 21 363,3 сомду түздү.
16. Эгерде кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийин ишке чыгып, кийинки күнү кайра ооруп калса жана ага жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасы ачылса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңы ачылган жагдайлар катары дайындалат. Ошондой эле, эгерде кызматкер адегенде өзү убактылуу эмгекке жарамсыз болсо, ал эми дарылануусу аяктагандан кийин (эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан кийин) ишке чыгууга үлгүрбөстөн, ооруп калган үй-бүлө мүчөсүн кароо боюнча жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасын ачса, анда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңыдан ооруган жагдай катары дайындалат (Жобонун 30-пункту).
12-мисал, кызматкер 2025-жылдын 3-апрелинен 12-апрелине чейин созулган оорудан кийин ишке 2025-жылдын 17-апрелинде жумушка чыкты, ал эми 17-апрелден 27-апрелге чейин кайра ооруп калып жана жаңы эмгекке жарамсыздык баракчасын ачты. Бул учурда, ушул Усулдук көрсөтмөнүн 15-пунктунан айырмасы, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкерге уландысы катары эмес, эки жолу төлөнүп берилет:
Кызматкердин бир күндүк орточо эмгек акысы – 1 050 сом;
Эмгек тажрыйбасы - 10 жыл.
Биринчи эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жөлөкпулдун өлчөмү:
Биринчи он иш күнү үчүн, б.а. 3-апрелден 14-апрелге чейин (19,20 апрель күндөрү дем алыш күндөрүнө туш келегенин эске алуу менен):
1 200 сом * 7 иш күнүнө = 8 400 сомду түзөт.
Экинчи эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жөлөкпулдун өлчөмү:
Биринчи он иш күнү үчүн, б.а. 18-апрелден 27-апрелге чейин (19, 20-апрель күндөрү дем алыш күндөрүнө туш келгенин эске алуу менен):
1 200 сом *6 иш күнүнө = 7 200 сомду түзөт.
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун жалпы өлчөмү:
8 400 сом + 7 200 сом = 15 600 сомду түзөт.
17. Эгерде кызматкер иштен бошотулган же камакка алынган болсо, бирок Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин алкагында өткөрүлгөн тергөө учурунда кызматкер мыйзамсыз иштен бошотулганы же камакка алынганы аныкталып жана кызматкердин укугу калыбына келтирилген болсо, анда бул учурда, кызматкер иштен мыйзамсыз бошотулган же камакка алынган мезгилинде берилген эмгекке жарамсыздык баракчасын берсе убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул ага жалпы негизде дайындалышы керек (Жобонун 34-пункту).
13-мисал, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген кызматкер 2025-жылдын 10-мартынан тартып жумуш ордунда узак мөөнөткө жоктугунан улам иш берүүчү тарабынан жумуштан бошотулган. Кийин кызматкер тиешелүү документтер менен ырасталган медициналык реабилитациядан өткөндүгү аныкталды.
Иш жүзүндө калыбына келтирилген күн 2024-жылдын 3-майы.
Эмгекке жарамсыздык баракчасы 2025-жылдын 1-мартынан тартып 20-апрелине чейинки мезгилге берилген.
Бул учурда, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул 1-марттан 20-апрелге чейин кызматкерге жалпы негизде дайындалат.
18. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга, иштеп жаткан, ошондой эле түзөтүү иштерине соттолгон, иш берүүчү менен эмгектик мамиледе турган аялдарга бир күндүк эмгек акы соттун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимине ылайык кармалуучу сумманы эсептен чыгаруу менен жалпы негизде эсептелет.
19. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен аларды дайындоо жөнүндө кайрылуу берилген учурда дайындалат жана төлөнөт.
14-мисал, кызматкерге 2025-жылдын 13-январынан 15-январына чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасында 2025-жылдын 16-январында ишке чыгуу көрсөтүлгөн, бирок белгисиз себептер менен кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын иш берүүчүгө 2025-жылдын 14-майында берди. Бул учурда, кызматкер аталган иш күндөрү үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.
Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы алты ай өткөндөн кийин, б.а. 2025-жылдын 14-июнунан кийин берилсе, анда кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
20. Иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча өз убагында дайындалбаган жана/же төлөнбөгөн убактылуу эмгекке жарамсыздык жөлөкпул өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөт менен чектелбестен толук көлөмдө иш берүүчүнүн каражатынын эсебинен төлөнөт.
4-бөлүм. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду укугун аныктоо тартиби жана дайындоо үчүн керектүү документтер
§ 4.1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук
21. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук Жобонун 50-52-пункттарына ылайык аныкталат.
22. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн:
- кызматкер негизги иштеген жери боюнча;
ЭСКМБна:
- жеке ишкер, анын ичинде патент боюнча иштегендер, катталган жериндеги/иш жүзүндө жашаган жериндеги/экономикалык ишти жүргүзгөн жери боюнча;
- ДФЧнын мүчөсү катталган/убактылуу катталган жериндеги/жер үлүшүн катталган жери боюнча;
- расмий жумушсуз жашаган жери боюнча же турган жери боюнча (ЭСКМБ менен эмгек рыногунун маалыматтык системасынын ортосундагы маалыматтарды ички ведомстволук электрондук маалыматтык өз ара алмашуу аркылуу) кайрылат.
15-мисал, жеке ишкер Сокулук районунда катталган, иш жүзүндө Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашайт, ал эми экономикалык ишмердигин Бишкек шаарынын Ленин районунда жүргүзөт. Кош бойлуу учурунда ал Ленин/Октябрь же Сокулук райондук ЭСКМБна кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз менен кайрылса болот.
16-мисал, аялдын Нарын областынын Ак-Талаа районунда жер үлүшү бар, ал эми өзү Бишкек шаарынын Ленин районунда жашайт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн ал жашаган жери боюнча Ленин ЭСКМБна же жер үлүшү катталган жери боюнча Ак-Талаа ЭСКМБна кайрылса болот.
Мында, эгерде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Ленин ЭСКМБы тарабынан дайындалса, анда жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициенти жок аныкталат, ал эми эгерде жер үлүшү катталган жери боюнча Ак-Талаа ЭСКМБна кайрылса, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул райондук коэффициентти эсепке алуу менен дайындалат.
17-мисал, жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу бар расмий жумушсуз туруктуу жашаган жери боюнча Ат-Башы районунда катталган, иш жүзүндө Тоң районунда жашайт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн арыз ээси иш жүзүндө жашаган жери боюнча, б.а. Ат-Башы ЭСКМБна же иш жүзүндө жашаган Тоң ЭСКМБна кайрылат.
Мында Тоң ЭСКМБ жумушсуздун статусун жана анын жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугун тастыктаган маалымкаттын болушун Ат-Башы ЭСКМБнан СЖКМС маалыматтар базасы аркылуу алат.
Арыз ээсин жумушсуз катары эсепке алууда, арыз ээсинин өздүк маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилип автоматтык режимде СЖКМС транспорттоштурулат.
Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте жөлөкпул алууга укуктуу.
Ушуга байланыштуу, расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укук жумушсуздук боюнча жөлөкпул укугу белгиленгенден кийин аныкталат жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулду төлөөдөн көз каранды эмес.
Эгерде расмий жумушсуздун жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу жок болсо, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалбайт.
23. Кыргыз Республикасынын “Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренесине ылайык дыйкан чарбасы юридикалык жак катары тиешелүү каттоо органында, болбосо, эгерде дыйкан чарбасы өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырса, жеке ишкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелер боюнча мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын негизинде пайдалануу укугу/жер үлүшүн/участогун ижарага алуу укугуна күбөлүгү бар, бирок жеке ишкердин мамлекеттик каттосу жөнүндө күбөлүгү жок жарандар кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
Саламаттык сактоо органдары тарабынан эмгекке жарамсыздык баракчасы берилгенден кийин салык органдарынан каттоодон өткөн ДФЧнын мүчөлөрү кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
18-мисал, жер үлүшү бар, бирок ДФЧнын мүчөсү болбогон, б.а. жеке ишкердин мамлекеттик каттосу жөнүндө күбөлүгү жок кош бойлуу аялга 2024-жылдын 2-апрелинде эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, ал эми 2024-жылдын 5-апрелинде ДФЧ салык органында каттоодон өтүп жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүн алат.
Бул учурда, эмгекке жарамсыздык баракчасын алгандан кийин ДФЧ салык органдарынан каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.
24. “Кайрылман” статусун далилдеген күбөлүгү бар кош бойлуу этностук кыргыздар кайрылган учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жалпы негизде дайындалат.
25. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн СЖКМС маалымат базасына арыз ээсинин идентификациялык жеке номерин (ИЖН) киргизүү талап кылынат.
Эгерде ЕЭС Келишимдин катышуучу мамлекеттердин жараны же Түркия Республикасынын жараны Кыргыз Республикасында иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турса, анда ИЖН ыйгарууга кызматкер идентификациялык жеке номерди ыйгаруучу жана өзгөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуусу керек.
§ 4.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү документтер
26. Кызматкерлерге, жеке ишкерлерге, ДФЧнын мүчөлөрүнө жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн негиз болуп Жобонун 53-56-пункттарында көрсөтүлгөн аныктоочу документтер саналат.
2016-жылдын 1-январына чейин аймактык мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр, салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтар (FORM STI-024) бар болсо ал жарактуу болуп саналат.
5-бөлүм. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо жана дайындоо тартиби
§ 5.1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо тартиби
27. Биринчи 10 иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кызматкерге иш берүүчү менен эмгек келишимин түзгөн негизги иштеген жери боюнча, ал эми 11-иш күндөн тартып иш берүүчүнүн өтүнмөсүнүн негизинде ЭСКМБда дайындалат.
Иш берүүчү аймактык бөлүмгө өтүнмөнү бербестен эле кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду толук өлчөмүндө өз каражатынын эсебинен төлөп берүүгө мүмкүн.
28. Жеке ишкерлерге, ДФЧнын мүчөсүнө, жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу бар расмий жумушсузга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул белгиленген үлгүдөгү кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арыздын негизинде ЭСКМБда дайындалат.
29. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө ЭСКМБ тарабынан каралат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун эсептелген суммасы СЖКМС аркылуу бекитилет жана электрондук түрдө төлөөгө күн сайын ведомстволук бөлүмгө (Социалдык коргоо департаменти) жөнөтүлөт.
30. СЖКМС базасында электрондук анкета-арызды толтурууда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формалар боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөлөрүн каттоо журналында жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө жеке адамдардын арыздарын каттоо журналында автоматтык режимде каттоо жүргүзүлөт.
31. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкер жалданган кызматкерге төлөнгөн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун ордун толтурууга ЭСКМБна кайрылган учурда жеке ишкер өтүнмөгө жалданган кызматкердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо алдындагы үч айлык эмгек акысын, жалданган кызматкер менен эмгек келишимин, жалданган кызматкерге эмгек акыны эсептелген жана төлөнгөндүгүн далилдеген документ, ошондой эле салыктык жана/же эсептик каттоо жери боюнча салык органдарына берилген киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттордун көчүрмөлөрүн тиркеши керек.
Жогорудагы документтер жок болгон учурда, ЭСКМБ 11-иш күнүнөн тартып жөлөкпулду төлөө үчүн өтүнмөнү кабыл албайт.
32. Жеке ишкерлердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга укугу жеке ишкер мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндөн кийинки күндөн тартып башталып ишкердик жүргүзүүсү токтотулган күндө бүтөт (Жобонун 50-пункту).
Патент боюнча иштеген жеке ишкерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү патентти колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен аныкталат, б.а. эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу астында мурдагы үч ай үчүн жеке ишкердин колдонуудагы патенти болуш керек.
19-мисал, жеке ишкерге кош бойлуулукка байланыштуу 2025-жылдын 9-июнунан 12-октябрына чейин, б.а. 126 календарлык күнгө эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
тенттин мөөнөтү 2025-жылдын 16-мартынан 16-апрелине чейин.
Бул учурда жеке ишкер кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алууга укугу бар.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Июнь | 22 | 6 | 0 | 16 |
Июль | 31 | 8 | 0 | 23 |
Август | 31 | 9 | 1 | 21 |
Сентябрь | 30 | 8 | 0 | 22 |
Октябрь | 12 | 4 | 0 | 8 |
Бардыгы: | 126 | 35 | 1 | 90 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн иш күндөрү, б.а. 2025-жылдын 23-июнунан тартып 90 күндү түздү.
Жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкү тартипте аныкталат:
- июнда – 16 иш күнү = 2000/22 = 91 сом * 16 иш күнүнө = 1 455 сом;
- июлда – 23 иш күнү = 2000 сом;
- августта – 22 иш күнү = 2000 сом;
- сентябрда – 21 иш күнү = 2000 сом;
- октябрда – 12 иш күнү = 2000/12 = 167 сом *11 иш күнүнө = 1 333 сом айына.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 2025-жылдын 9-июнунан 12-октябрына чейин (1 455 + 2 000+ 2 000 + 2 000 + 1 333) = 8 788 сомду түзөт.
§ 5.2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо тартиби
33. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн бардык иш күндөрү үчүн дайындалат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мөөнөтү Жобонун 61-пунктунда аныкталган.
34. Иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мезгили үчүн иш күндөрүнүн санын жана бардык иш күндөрү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктайт:
- биринчи он иш күн үчүн – кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдындагы үч айдагы бир күндүк орточо эмгек акыны он иш күнгө көбөйтүү жолу менен иш берүүчүнүн өз каражатынан;
- он биринчи иш күнүнөн тартып ай сайын 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө республикалык бюджеттин каражатынан.
20-мисал, беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө - 2025-жылдын 1-февралынан 5-июнуна чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун биринчи он иш күнү үчүн, б.а. 2025-жылдын 1-февралынан 14-февралына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2025-жылдын 17-февралынан 20-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөгө иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат.
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Февраль | 12 | 1 | 1 | 10 |
Март | 31 | 9 | 2 | 20 |
Апрель | 30 | 8 | 0 | 22 |
Май | 31 | 9 | 7 | 15 |
Июнь | 8 | 3 | 0 | 5 |
Бардыгы: | 112 | 30 | 10 | 72 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (2000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
- февралда - 2000/12 иш күнүнө = 167 * 10 иш күнүнө = 1 667 сом бир айда;
- мартта -20 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- апрелде - 22 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- майда - 15 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- июнда - 2000/20 иш күнүнө = 100 сом бир күндө * 5 иш күнүнө = 500 сом бир айда.
Республикалык бюджеттин каражатынан кызматкерге төлөнө турган кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (1667+ 2000+2000+2000+500) = 8167 сомду түздү.
21-мисал, беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө, 2024-жылдын 17-сентябрынан 2025-жылдын 20-январына чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди. Бирок 2024-жылдын июль айында ал иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилген эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн.
Бул учурда Жобонун 70-пунктуна ылайык, кызматкер иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилген эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн кездеги иш күндөрү алынбайт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
Тизмеде көрсөтүлгөн бардык кошумча акыларды эске алуу менен кызматкердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнү тариздөө алдындагы үч айлык эмгек акысы июнда 20 иш күнү үчүн – 15 000 сом, июлда 23 иш күнү үчүн - 0 сом, августта 22 иш күнү үчүн – 15 000 сом:
- эмгек акы (15 000+0+15 000) = 30 000 сом;
- иш күнүнүн саны (20+23+22) = 65 күн.
Кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы (30 000/65) = 462 сом * 10 иш күнүнө = 4 620 сомду түздү.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөгө иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат.
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Сентябрь | 14 | 4 | 0 | 10 |
Октябрь | 31 | 8 | 0 | 23 |
Ноябрь | 30 | 9 | 1 | 20 |
Декабрь | 31 | 9 | 0 | 22 |
Январь | 20 | 6 | 2 | 12 |
Бардыгы: | 126 | 36 | 3 | 87 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (2000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
- октябрда - 23 иш күнү үчүн = 2000 сом айына;
- ноябрда - 20 иш күнү үчүн = 2000 сом айына;
- декабрда - 22 иш күнү үчүн = 2000 сом айына;
- январда - 12 иш күнү үчүн = 2000/20 иш күнүнө = 100 сом бир күндө * 12 иш күнүнө = 1 200 сом айына.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 20-январына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (2000+2000+2000+1200) = 7 200 сомду түзөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун жалпы өлчөмү (4 620 + 7 200 сом) = 11 820 сом.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 70-пункта көрсөтүлгөн башка учурларда дагы ушундай эле тартипте аныкталат.
22-мисал, беш күндүк иш жумасында иштеген кызматкерге, 126 календарлык күнгө, 2024-жылдын 17-сентябрынан 2025-жыдын 20-январынан чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
2024-жылдын 12-июнунан 23-июнуна чейин ал жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн.
Бул учурда Жобонун 71-пунктуна ылайык кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн иш күндөрү эсепке алынбайт.
Ошентип бардык кошумча акыларды кошкондо мурунку үч ай үчүн эмгек акы июнда - 12 иш күнү үчүн 10 000 сом, июлда - 23 иш күнү үчүн 20 000 сом, августта - 22 иш күнү үчүн 20 000 сом эсептелди.
эмгек акысы (10 000+20 000+20 000) = 50 000 сом;
иш күндөрүнүн саны (12+23+22) = 57 иш күн.
Кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы (50 000/57) = 877,2 сомду түздү.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чегерилүүчү жумуш күндөрү төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Сентябрь | 14 | 4 | 0 | 10 |
Октябрь | 31 | 8 | 0 | 23 |
Ноябрь | 30 | 9 | 1 | 20 |
Декабрь | 31 | 9 | 0 | 22 |
Январь | 20 | 6 | 2 | 12 |
Бардыгы: | 126 | 36 | 3 | 86 |
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 2024-жылдын 17-сентябрынан 30-сентябрына чейин:
877,2 сом * 10 иш күнүнө = 8 772 сом.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 20-январына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (2000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
- октябрда - 23 иш күнү үчүн = 2000 сом айына;
- ноябрда - 20 иш күнү үчүн = 2000 сом айына;
- декабрда - 22 иш күнү үчүн = 2000 сом айына;
- январда - 12 иш күнү үчүн = 2000/20 иш күнүнө = 100 сом бир күндө * 12 иш күнүнө = 1 200 сом айына.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (2000+2000+2000+1200) = 7 200 сомду түзөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун жалпы өлчөмү (8 772 + 7200 сом) = 15 972 сомду түзөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү 71-пункта көрсөтүлгөн башка учурларда дагы ушундай эле тартипте аныкталат.
35. Эмгек акысы сакталбаган өргүүнүн, бала багуу боюнча өргүүнүн мезгилинде убактылуу эмгекке жарамсыздык болгондо кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалбайт. Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык эмгек акысы сакталбаган өргүү жана бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин да улана берсе, жөлөкпул кызматкер ишке киришүүгө тийиш болгон күндөн тартып берилет.
23-мисал, 2025-жылдын мартынан августуна чейин кызматкер жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүүдө жүргөн. 2025-жылдын 1-сентябрында иш берүүүгө эмгекке жарамсыздык баракчасын берди.
Бул учурда кызматкердин эмгек акысы жок болгондуктан жана өргүү кызматкердин демилгеси менен берилгендиктен, эмгек акысы сакталбаган өргүү мезгилине туура келген эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнбөйт.
24-мисал, беш күндүк иш жумасында бийик тоолуу шарттарда иштеген жана жашаган кызматкерге 140 календардык күнгө, 2025-жылдын 2-июнунан 2-ноябрына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, райондук коэффициент – 1,15.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө тариздөөнүн алдында мурунку үч айлык эмгек акы райондук коэффициентти эсепке албаганда февралда 20 иш күнү үчүн – 20 000 сом, мартта 20 иш күнү үчүн – 20 000 сом, майда 15 иш күнү үчүн – 20 000 сомду түздү.
2025-жылдын апрель айында кызматкер кезектеги эмгек өргүүсүндө болду.
Жобонун 10-пунктуна ылайык эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги же кошумча өргүүдө жүргөн болсо, анда ушул өргүүлөргө чейинки үч айлык эмгек акысы эсепке алынат.
Үч ай үчүн орточо бир күндүк эмгек акы (60 000/55) * 1,15 = 1255 сомду түздү.
Ошентип, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун биринчи он күнү үчүн, б.а. 2025-жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин 1255*10 иш күнүнө – 12 550 сомду түзүп, иш берүүчүнүн өздүк каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Июнь | 15 | 4 | 0 | 11 |
Июль | 31 | 8 | 0 | 23 |
Август | 31 | 9 | 1 | 21 |
Сентябрь | 30 | 8 | 0 | 22 |
Октябрь | 19 | 5 | 0 | 14 |
Бардыгы: | 126 | 34 | 1 | 91 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2025-жылдын 16-июнунан (14-15-июнь дем алыш күндөрү) 2-ноябрына чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү орточо бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө (1 255 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
- июнда - 11 иш күнү үчүн = 1255 * 11 иш күнүнө = 13 805 сом бир айга;
- июлда - 23 иш күнү үчүн = 28865 сом бир айга;
- августта - 21 иш күнү үчүн = 26 355сом бир айга;
- сентябрда - 22 иш күнү үчүн = 27 610 сом бир айга;
- октябрда - 14 иш күнү үчүн = 1 255 * 14 иш күнүнө = 17 5570 сом бир айга.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (13805 +28865 +26 355 +27 610+17570) = 114 205 сомду түзүп республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
25-маселе, беш күндүк иш жумасында бийик тоолу шарттарда жашаган жана иштеген кызматкерге 140 календарлык күнгө, б.а. 2024-жылдын 1-декабрынан 2025-жылдын 19-апрелине чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, райондук коэффициент – 1,20.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө тариздөөнүн алдында мурунку үч айлык эмгек акы райондук коэффициентти жана Тизмеде көрсөтүлгөн бардык кошумча акыларды эсепке алуу менен сентябрда 21 иш күнү үчүн – 65 000 сом, октябрда 22 иш күнү үчүн – 65 000 сом, ноябрда 20 иш күнү үчүн – 65 000 сомду түздү.
Үч ай үчүн орточо бир күндүк эмгек акы 195 000/63 = 3 095,23 сомду түздү.
Ошентип, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун биринчи он күнү үчүн, б.а. 2024-жылдын 1-декабрынан 12-декабрына чейин 3 095,23 * 10 иш күнүнө = 30 952,30 сомду түзүп иш берүүчүнүн өздүк каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Декабрь | 18 | 6 | 0 | 12 |
Январь | 31 | 8 | 2 | 21 |
Февраль | 28 | 8 | 0 | 20 |
Март | 31 | 9 | 2 | 20 |
Апрель | 18 | 5 | 0 | 14 |
Бардыгы: | 126 | 36 | 4 | 86 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 18-апрелине чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү орточо бир күндүк эмгек акынын (3 095,23 сом) өлчөмүндө төмөнкү тартипте аныкталат:
- декабрда - 12 иш күнү үчүн = 3 095,23 * 12 иш күнү = 37 142,7 сом бир айда;
- январда - 21 иш күнү үчүн = 64 999,8 сом сом бир айда;
- февралда - 20 иш күнү үчүн = 61 904,6 сом бир айда;
- мартта - 20 иш күнү үчүн = 64 999,8 сом бир айда;
- апрелде - 13 иш күнү үчүн = 40 237,9 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (37 142,7+64 999,8+61 904,6+61904,6+ 40 237,9)=269 284,8сомду түзүп республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
26-мисал, беш күндүк иш жумасында бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген кызматкерге 140 календарлык күнгө, б.а. 2024-жылдын 17-сентябрынан 2025-жылдын 3-февралына чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди, райондук коэффициент - 1,50.
Эмгекке жарамсыздык баракчасы берилген учурда кызматкер 3 жашка чейин баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Октябрь | 31 | 8 | 0 | 23 |
Ноябрь | 30 | 9 | 2 | 19 |
Декабрь | 31 | 9 | 0 | 22 |
Январь | 31 | 8 | 2 | 21 |
Февраль | 3 | 2 | 0 | 1 |
Бардыгы: | 126 | 36 | 4 | 86 |
Бул учурда кызматкер кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кайрадан кетип жатат, ошого байланыштуу кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү Жобонун 65-пункта ылайык аныкталат, б.а. бала багуу боюнча өргүүгө чыккан учурга карата штаттык санда же эмгектик келишимде белгиленген кызматтык маяна (чен) алынат.
Бала багуу боюнча өргүүгө чыккан учурга карата райондук коэффициентти жана кошумча акыларды эсепке албаганда кызматкердин кызматтык маянасы бир айда 10 000 сомду түзөт. Иш күндөрү: июнда – 20 иш күн, июлда – 23 иш күн, августта – 22 иш күн.
Мурунку үч ай үчүн кызматтык маяна (10 000 * 3 айга) = 30 000 сом.
Орточо бир күндүк эмгек акыны аныктайбыз – 30 000/65 = 462 сом бир күндө.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү, б.а. 2024-жылдын 17-сентябрынан 30-сентябрына чейин 462 сом * 10 иш күнүнө = 4620 сом иш берүүчүнүн каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкү тартипте аныкталат:
- октябрда - 23 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- ноябрда - 19 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- декабрда- 22 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- январда - 21 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- февралда - 1 иш күнү үчүн = 2000/3 иш күнүнө = 666 сом * 1 иш күнүнө = 666 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (2000+2000+2000+2000+666)=8666 сом республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
Аял ишке эрте чыккан учурда, б.а. бала 3 жашка чыга электе жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү кайрадан таризделсе, жөлөкпулдун өлчөмү Жобонун 65-пунктуна ылайык, б.а. 26-мисалга ылайык эсептелет.
27-мисал, бала 2025-жылдын 25-майында төрөлгөн, беш күндүк иш күнү боюнча иштеген кызматкер аны 2025-жылдын 25-июнунда эки айлык кезинде асырап алган. Эмгекке жармасыздык баракчасынын негизинде кызматкер баланы асырап алган күндөн тартып, 2025-жылдын 25-июнунан 3-июлуна чейин, б.а. бала төрөлгөн күндөн баштап 70 календардык күн өткөнгө чейин 6 иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу бар.
Кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө тариздөөнүн алдында мурунку үч айлык эмгек акы Тизмеде көрсөтүлгөн бардык кошумча акыларды эсепке алуу менен:
- мартта – 19 иш күнү үчүн – 25 000 сом;
- апрелде – 21 иш күнү үчүн – 25 000 сом;
- майда – 21 иш күнү үчүн – 25 000 сомду түздү.
Кызматкердин 60 иш күнү үчүн орточо бир күндүк эмгек акысын аныктайбыз: (25 000 * 3) = 75 000 сом/62 иш күнүнө = 1210 сом бир күндө.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Апрель | 6 | 0 | 0 | 0 |
Май | 31 | 0 | 0 | 0 |
Июнь | 30 | 2 | 0 | 3 |
Июль | 3 |
| 0 | 3 |
Бардыгы: | 70 | 2 | 0 | 6 |
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү: 1210 сом * 6 иш күнүнө = 7260 сом иш берүүчүнүн каражатынан төлөнөт.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү - 0 сом, себеби кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн жалпы саны 6 күндү түзөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул республикалык бюджеттин каражатынан төлөнгөн жок.
Эки жана андан ашык баланы чогуу асырап алган учурда, балдардын төрөлгөн күнүнөн тартып 110 календарлык күнгө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо ушул эле тартипте аныкталат.
36. ЭСКМБ эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мезгили үчүн иш күндөрүнүн санын жана жеке ишкерлер, ДФЧ мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпулга укугу бар расмий жумушсуздар үчүн он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктайт.
28-мисал, башка региондо жер үлүшү бар, Бишкек шаарында жашаган ДФЧ мүчөсүнө 126 календарлык күнгө - 2024-жылдын 20-февралынан 25-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2024-жылдын 7-мартынан 25-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Иш күндөр |
Март | 26 | 7 | 2 | 17 |
Апрель | 30 | 8 | 0 | 22 |
Май | 31 | 7 | 9 | 15 |
Июнь | 24 | 7 | 0 | 17 |
Бардыгы: | 111 | 29 | 11 | 71 |
ДФЧ мүчөсүнө он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү төмөнкү тартипте аныкталат:
- мартта 17 иш күнү үчүн - 2000/21 = 95,2 сом * 17 иш күнүнө = 1 619 сом;
- апрелде 22 иш күнү үчүн - 2000 сом;
- майда 20 иш күнү үчүн - 2000 сом;
- июнда 2000/24 иш күнүнө = 83,3 сом * 17 иш күнүнө = 1 417 сом.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (1619+2000+2000+1417)=7 036 сомду түзүп республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
ДФЧ мүчөсү бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган жана иштеген учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эсепке алуу менен эсептелет. Мисалы: жөлөкпулдун өлчөмү 7 036 сом*1,20 (райондук коэффициент) = 8 443 сом.
Жеке ишкерлерге, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү ушул эле тартипте аныкталат.
37. Вахталык ыкма менен иштеген кызматкерлерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн иш күндөрү кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү кезмет ирээти графиктерине ылайык аныкталат.
29-мисал, вахталык ыкма менен иштеген кызматкерге 126 календарлык күнгө 2025-жылдын 28-февралынан 3-июлуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Кезметтүүлүктүн графиги Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 53-беренесине ылайык иш берүүчү тарабынан кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча бекитилет.
Иш берүүчү тарабынан бекитилген кезметтүүлүктүн графигине ылайык кызматкер:
- мартта – 8 күн;
- апрелде – 15 күн;
- майда – 16 күн;
- июнда – 14 күн;
- июлда – 2 күн иштеди.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, б.а. 2025-жылдын 28-февралынан 13-мартына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2025-жылдын 14-мартынан 3 июлуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр |
Март | 18 | 9 | 9 |
Апрель | 30 | 15 | 15 |
Май | 31 | 16 | 15 |
Июнь | 30 | 14 | 16 |
Июль | 1 | 0 | 1 |
Бардыгы: | 110 | 54 | 56 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (2000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
- мартта - 2000/18 иш күнүнө = 111 сом * 9 иш күнүнө = 1 000 сом бир айда;
- апрелде - 15 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- майда - 15 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- июнда - 16 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- июлда 2000/23 иш күнүнө = 87 сом бир күндө * 1 иш күнүнө = 87 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (1000+2000+2000+2000+87)=7087 сом, республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
Кызматкер бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган жана иштеген учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эсепке алуу менен эсептелет.
Мисалы: жөлөкпулдун өлчөмү 7087 сом*1,50 (райондук коэффициент) = 10 630 сом.
38. Кезметтик жумушта иштеген кызматкерлерге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмүн эсептөө үчүн иш күндөрү иш берүүчү тарабынан бекитилген кезметтүүлүктүн графиги кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча аныкталат (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 93-б.).
30-мисал, кезметтик жумушта иштеген кызматкерге, (иш берүүчү тарабынан бекитилген кезметтүүлүктүн графигине ылайык – алты күндүк иш жумасы режиминде) 126 календарлык күнгө, б.а. 2025-жылдын 19-февралынан 23-июнуна чейин эмгекке жарамсыздык баракчасы берилди.
Биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, б.а. 2025-жылдын 19-февралынан 4-мартына чейин иш берүүчүнүн өздүк каражатынан дайындалат.
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2024-жылдын 5-мартынан 23-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга эсептелген иш күндөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 53-беренесине ылайык төмөнкү тартипте аныкталат:
Айлар | Календарлык күндөр | Дем алыш күндөр | Майрам күндөр | Айлар |
Март | 27 | 7 | 2 | 18 |
Апрель | 30 | 8 | 0 | 22 |
Май | 31 | 7 | 9 | 15 |
Июнь | 23 | 7 | 0 | 16 |
Бардыгы: | 111 | 29 | 11 | 71 |
Он биринчи иш күнүнөн тартып, б.а. 2025-жылдын 5-мартынан 23-июнуна чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү айына 20 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (2000 сом) төмөнкү тартипте аныкталат:
- мартта - 2000/27 иш күнүнө = 74 сом * 18 иш күнүнө = 1332 сом бир айда;
- апрелде - 22 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- майда - 24 иш күнү үчүн = 2000 сом бир айда;
- июнда - 2000/23 иш күнүнө = 87 сом бир күндө * 16 иш күнүнө = 1392 сом бир айда.
Он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү (1332+2000+2000+1392) =6724 сом республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт.
§ 5.3. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөөнүн тартиби
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктардын ортосундагы келишимдер менен бекитилген форма боюнча келип түшкөн ведомосттордун негизинде күн сайын ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Мында Министрлик менен Банктын ортосундагы макулдашууга ылайык дайындалган, бирок алты ай өткөндөн кийин алынбаган акча каражаттары республикалык бюджетке кайтарылып берилет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча дайындалган, бирок аялдын каза болгон күнүнө карата алынбаган убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул анын үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мүчөсүнө, же анын каза болгон күнүнө карата багуусунда болгон адамга ушул мамилесин күбөлөндүргөн документтерди тапшырган учурда же камкорчусуна берилет (Жобонун 88-пункту).
Эгерде аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалып, бирок аял каза болуп калса (төрөгөнгө чейин/төрөт учурунда/төрөттөн кийин) банкттан алынбаган жөлөкпулду алуу үчүн үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мүчөсү, же аялдын каза болгон күнүнө карата багуусунда болгон адам ушул мамилесин күбөлөндүргөн документтерди тапшырган учурда же камкорчусу кайрыла алат.
Ошондой эле, эгерде аял иш берүүчүгө арызды берсе, ал эми иш берүүчү жөлөкпулду дайындоого өнүнмөнү тариздөөгө үлгүрбөй калса, анда үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мүчөсү, же аялдын каза болгон күнүнө карата багуусунда болгон адам ушул мамилесин күбөлөндүргөн документтерди тапшырган учурда же камкорчусу кайрыла алат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз ээси анын маалыматтарын СЖКМТна киргизүү үчүн ЭСӨМБна кайрылат.
Мында Банкка акча каражаттары түшкөн күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин жөлөкпул алуу үчүн кайрылууга болот.
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2025-жылдын 16-июлундагы
буйругуна 2-тиркеме
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөөнүн
шарттары жөнүндө
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул “Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул берүү тартиби жөнүндө” Усулдук көрсөтмөлөр:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул (мындан ары – расымдык жөлөкпул) Кыргыз Республикасынын “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 434 токтому менен бекитилген Расымдык жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө жобого (мындан ары – Жобо) жана ушул Усулдук көрсөтмөлөргө ылайык берилет.
3. Усулдук көрсөтмөлөр аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (мындан ары - ЭСКМБ) жана менчигинин формасына карабастан ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде иште колдонуу үчүн практикалык колдонмо болуп эсептелет.
4. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же эгерде арыз ээси каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү белгиленген 3 жумуш күндүк мөөнөттө ала элек болсо, адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген медициналык маалымкат эсептелет.
Чет мамлекеттер тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүк расымдык жөлөкпул дайындоо үчүн негиз болуп эсептелбейт.
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери өлүмдү мамлекеттик каттоо жүргүзөт жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берет.
Мында расымдык жөлөкпул алуу үчүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан берилет.
ЭСКМБнын жоопкерчиликтүү адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекетте каза болгон учуру боюнча расымдык жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө жарандарды маалымдоо боюнча туруктуу негизде иш жүргүзүлүп туруш керек.
Эгерде каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранына өлгөндүгү тууралуу күбөлүк чет өлкөлүк мамлекет тарабынан берилсе, ошондой эле Кыргыз Республиканын жаранынын сөөгү башка мамлекеттин аймагында коюлган болсо, анда расымдык жөлөкпул дайындалбайт.
5. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички ведомстволук маалыматтык алмашуу тутуму аркылуу алынуучу маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык анык, туура болуп саналат жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет.
Электрондук маалымкаттарды ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу тутуму аркылуу суроо алуу мүмкүн болбогон учурда, жарандардан расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн маалымкаттар кагаз жүзүндө талап кылынат.
Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары – СЖКМС) ишинде техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, дело кийин СЖКМСна маалыматтарды киргизүү жана каттоо журналдарын түзүү менен кагаз жүзүндө түзүлөт.
Расымдык жөлөкпулду дайындоого арызды берүү арыз ээлеринде квалификациялуу электрондук кол тамгасы болсо жана Идентификациянын бирдиктүү тутумунда катталган болсо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу дагы жүргүзүлөт.
2-бөлүм. Расымдык жөлөкпулга укук
6. Арыз ээси – каза болгон адамды иш жүзүндө акыркы сапарга узаткан адам (үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар).
7. Расымдык жөлөкпул Кыргыз Республикасында жашаган жана иштеген жарандардын төмөнкү категорияларынын, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу ырастоочу документтерди берген учурда:
– кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
– жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
– дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
– расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
– социалдык жөлөкпул алган адам (мындан ары – социалдык жөлөкпулду алуучу) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
– жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө дайындалат.
8. Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге ылайык Түркия Республикасынын жарандары Жобого жана ушул методикалык көрсөтмөлөргө ылайык жалпы негиздерде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алууга укуктуу.
9. “Кайрылман” статусун ырастоочу күбөлүгү бар этностук кыргыздардын каза болгондугуна байланыштуу арыз ээлери расымдык жөлөкпул алуу үчүн кайрылган учурда, расымдык жөлөкпул жалпы негиздерде дайындалат.
10. Жобого ылайык:
– коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар тутумунун аскер кызматчылары, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын кызматкерлери, жогоруда аталган ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлеринен тышкары;
– кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген башка зыянга байланыштуу каза болгон кызматкерлер;
– сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган жана каза болду деп жарыяланган жарандар расымдык жөлөкпулга укугу жок.
3-бөлүм. Расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
11. Расымдык жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адамдарда каза болгон жарандын Идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) жана арыз ээсинин паспорту болушу керек.
12. Кызматкер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн арыз ээси иш берүүчүгө эркин формадагы арызды, каза болгон адамдын идентификациялык жеке номерин жана адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген медициналык маалымкаттын көчүрмөсүн же каза болгондугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүктүн көчүрмөсүн берет.
Иштеген адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүнө туулгандыгы/никеси тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет.
13. Жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгон учурунда, арыз ээси ЭСКМБна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген формадагы расымдык жөлөкпулду дайындоого арыз менен кайрылат.
Расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн төмөнкү маалыматтар кол коюлган жана күчүнө кирген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тийиштүү макулдашуулардын негизинде “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – “Түндүк” ЭВӨС) аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардан электрондук форматта суралат:
– арыз берүүчүнүн жеке маалыматтары;
– өлгөндүгү тууралуу акты жазуусунун маалыматтары;
– жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматтар;
– патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин маалыматтары;
– никеси тууралуу маалымат (арыз ээси фамилиясын өзгөрткөн учурда).
Жеке ишкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда туулгандыгы/никеси тууралуу маалыматтар “Түндүк” ЭВӨСы аркылуу суралат.
Патенттин негизинде иштеген адамдар үчүн патенттин мөөнөтү жеке ишкер каза болгон учурда колдонууда болуш керек.
14. Дыйкан чарбанын мүчөсүнүн же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгон учурунда, арыз ээси ЭСКМБна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген формадагы расымдык жөлөкпулду дайындоого арыз менен кайрылат.
Расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн төмөнкү маалыматтар кол коюлган жана күчүнө кирген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тийиштүү макулдашуулардын негизинде “Түндүк” ЭВӨСы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардан электрондук форматта суралат:
– арыз берүүчүнүн жеке маалыматтары;
– өлгөндүгү тууралуу акты жазуусунун маалыматтары;
– эгерде дыйкан чарба өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзсө, жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматы;
– жер участогун (үлүшүн) пайдаланууга/менчикке алуу укугу же ижарага алуу келишиминен маалымат;
– никеси тууралуу маалымат (арыз ээси фамилиясын өзгөрткөн учурда).
Дыйкан чарбанын мүчөсүнүн багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда туулгандыгы/никеси тууралуу маалыматтар “Түндүк” ЭВӨСы аркылуу суралат.
15. Кыргыз Республикасынын “Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык дыйкан чарбасы юридикалык жак катары тиешелүү каттоо органында, болбосо, эгерде дыйкан чарбасы өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырса, жеке ишкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелер боюнча мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу жер үлүшүн/участогун пайдаланууга/ижарага алуу укугуна күбөлүгү бар, бирок юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн дыйкан чарбасы катары салык органдарында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн, б.а. жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгү жок жарандарга расымдык жөлөкпул дыйкан чарбанын мүчөсүнө катары дайындалбайт.
Бул учурда каза болгон адамга расымдык жөлөкпул жумушсуз адамга катары дайындалат, себеби каза болгон учурга карата ал дыйкан чарбанын мүчөсү эмес болчу.
16. Бир региондон башка регионго көчүп келген дыйкан чарбанын мүчөсү каза болгон учурда расымдык жөлөкпул ЭСКМБ тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча төлөнөт.
Мисал: дыйкан чарбанын мүчөсү Нарында каза болду, сөөгүн койгон арыз ээси Токмок шаарында жашайт.
Расымдык жөлөкпул үчүн арыз ээси керектүү документтер менен өзүнүн жашаган жери боюнча ЭСКМБна кайрылат.
17. Социалдык жөлөкпул алуучунун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгон учурунда, арыз ээси ЭСКМБна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген формадагы расымдык жөлөкпулду дайындоого арыз менен кайрылат.
Аймактык бөлүм тарабынан өздүк делого кошумча социалдык жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкат тиркелет. Социалдык жөлөкпул алуучунун статусу СЖКМС алкагында ички ведомстволук электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу аныкталат.
Социалдык жөлөкпул алуучунун багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда туулгандыгы/никеси тууралуу маалыматтар “Түндүк” ЭВӨСы аркылуу суралат.
18. Расмий жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгон учурунда, арыз ээси ЭСКМБна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген формадагы расымдык жөлөкпулду дайындоого арыз менен кайрылат.
Расмий жумушсуздун же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда туулгандыгы/никеси тууралуу маалыматтар “Түндүк” ЭВӨСы аркылуу суралат.
Расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда, жумушсуздун же анын багуусундагынын каза болгон учурга карата жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга анын укугун ырастаган аймактык бөлүмдүн маалымкаты талап кылынбайт. Аны расмий жумушсуз катары эсепке алууда арыз ээсинин маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилет, алар автономдуу режимде СЖКМСта көчүрүлөт.
19. Жумушсуз адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн каза болгон учурунда, арыз ээси ЭСКМБна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген формадагы расымдык жөлөкпулду дайындоого арыз менен кайрылат.
Жумушсуз адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда туулгандыгы/никеси тууралуу маалыматтар “Түндүк” ЭВӨСы аркылуу суралат.
Жумушсуз адамдын каза болгон учуру боюнча расымдык жөлөкпул алуу үчүн тастыктоочу документтер талап кылынбайт. Эгерде каза болгон жаран алуучулардын башка категориясына кирбесе жана расмий жумушсуз болбосо, анда жөлөкпул жумушсуз адамга катары төлөнөт.
20. Электрондук маалымкаттарды “Түндүк” ЭВӨСы аркылуу суроо алуу мүмкүн болбогон учурда, жарандардан расымдык жөлөкпулду дайындоо үчүн маалымкаттар кагаз жүзүндө талап кылынат.
4-бөлүм. Расымдык жөлөкпулду дайындоо тартиби
21. Расымдык жөлөкпулду бир нече негиздер боюнча алууга укугу бар арыз ээлерине алардын тандоо боюнча бир гана негиз боюнча жөлөкпул дайындалат.
Иштеген эки адамдын же башка категориялардын (атасы жана энеси) багуусундагы адам каза болгон учурда расымдык жөлөкпул алардын тандоосу боюнча бирөөнүн иштеген жеринен же ЭСКМБ аркылуу төлөнөт.
22. Расымдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө ЭСКМБ тарабынан каралат. Расымдык жөлөкпулдун эсептелген суммасы СЖКМС аркылуу бекитилет жана төлөө үчүн ведомстволук бөлүмгө (Социалдык коргоо департаменти) электрондук түрдө күн сайын жөнөтүлөт.
Арыз толтурулгандан кийин арыз ээси расымдык жөлөкпул берүүнүн шарттары менен таанышат жана арызга кол коет. Арыз ээсине датасын жана каттоо номерин көрсөтүү менен арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө тил кат – билдирүү берилет.
23. Расымдык жөлөкпулду алуу үчүн кайрылуу өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе дайындалат жана төлөнүп берилет.
Эгерде каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде арыз ээси/иш берүүчү аймактык бөлүмгө жүйөлүү себептер менен (катуу оору, аракетке жөндөмсүздүк, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал, күбөлүк берүүнү кечиктирүү, соттук териштирүүлөр, камкорчулукту/көзөмөлчүлүктү белгилөө, жашаган жерин алмаштыруу, каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү) кайрыла албаса, анда өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими жокко чыгарылгандан кийин алты айдан кечиктирбестен кайрылганда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.
Мисал: өлгөндүгү тууралуу күбөлүк 2025-жылдын 23-январында берилген, расымдык жөлөкпулду алуу үчүн 2025-жылдын 24-июнуна чейин кайрылыш керек болчу. Бирок, 2025-жылдын 22-июнунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген, ал эми 2025-жылдын 25-июнунда өзгөчө абал режими киргизилген.
Эгерде өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал 2025-жылдын 10-мартында алынып салынса, анда арыз ээси расымдык жөлөкпул алуу үчүн 2025-жылдын 11-сентябрына чейин кайрылуусу керек.
Ошентип, эгерде өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими учурунда арыз ээси жөлөкпулга кайрылууга үлгүрбөй калса, анда расымдык жөлөкпул өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал жоюлгандан кийин алты айдан кечиктирилбестен дайындалышы керек.
Мында расымдык жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим төлөмдөрдү каржылаган орган – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынат.
24. Айрым учурларда, эгерде каза болгон адамды көмүү Кыргыз Республикасынын башка регионунда жүргүзүлгөн болсо, анда расымдык жөлөкпул арыз ээсинин жашаган жери боюнча ЭСКМБ тарабынан дайындалышы мүмкүн (эгерде каза болгон адамдын жашаган жери шаарда болбосо).
25. Расымдык жөлөкпул бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактар үчүн белгиленген райондук коэффициенти жок дайындалат.
26. Расымдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн киреше салыгы салынбайт жана камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт.
5-бөлүм. Расымдык жөлөкпулду төлөө тартиби
27. Кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишимин түзгөн иш берүүчү тарабынан негизги иштеген жери боюнча дайындалат.
Кызматкер каза болгон учурда расымдык жөлөкпулду төлөө үчүн иш берүүчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча расымдык жөлөкпулду төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөнү эсептелген расымдык жөлөкпулдун өлчөмүн көрсөтүү менен ЭСКМБна эки нускада берет.
28. Жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү, расмий жумушсуз, иштебеген адам жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык жөлөкпул ведомстволук бөлүм тарабынан төлөнөт.
29. Расымдык жөлөкпулду төлөө келип түшкөн ведомосттордун негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктын ортосундагы келишимде бекитилген форма боюнча ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акчалай каражаттарды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
30. Жалданган кызматкерлердин эмгегин пайдаланган юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер жалданган кызматкердин каза болгондугуна байланыштуу расымдык жөлөкпулду төлөөгө өтүнмө менен ЭСКМБна кайрылган учурда, жеке ишкер өтүнмөгө жалданган кызматкер менен эмгек келишимин, жалданган кызматкерге эмгек акыны эсептөө жана төлөө жөнүндө ырастоочу документти, ошондой эле салыктык жана/же эсептик каттоодон өткөн жери боюнча салык органдарына берилүүчү киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун көчүрмөлөрүн тиркөөгө тийиш.