Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 4- сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 14
Шекер айыл өкмөтүнүн клубунун жылытуу системасын жаңыртуу жана материалдык базасын чындоо жөнүндө
Шекер айылдык аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, 2024-жылдын 19-ноябрында болуп өткөн Шекер айыл өкмөтүнүн аппаратынын жалпы жыйынынын негизинде Шекер айыл аймагынын аймактык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл өкмөтүнүн клубунун жылытуу системасын жаныртуу жана материалдык базасын чындоо долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 850000 (сегиз жүз элүү мин) сом Айтматов райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылсын.
3. Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдалып, Айтматов райондук өнүктүрүү фондуна жөнөтүлсүн.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Иманалиев |