Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 4- сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 15
Спорт залды ремонттон өткөрүү жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинин Көк-Сай айылындагы спорт залын ремонттон өткөрүү демилгесин угуп, талкуулап Шекер айыл аймагынын аймактык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылындагы спорт залды ремонттон өткөрүү долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 3852302 (үч миллион сегиз жүз элүү эки мин үч жүз эки сом) үлүштүк дем берүүчү грантка долбоор жазылсын.
3. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 852302 (сегиз жүз элүү эки мин үч жүз эки) сом каражатты өздүк салым катары которуп берүү жагы колго алынсын.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |