Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 4- сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 16
Көк-Сай айылындагы таза суунун айланасын курчоо жана ремонттон өткөрүү жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинин Көк-Сай айылындагы таза суунун айланасын курчоо жана ремонттон өткөрүү демилгесин угуп, талкуулап Шекер айыл аймагынын аймактык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылындагы таза суунун айланасын курчоо жана ремонттон өткөрүү долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 993120 (тогуз жүз токсон үч мин жүз жыйырма сом) үлүштүк дем берүүчү грантка долбоор жазылсын.
3. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 148968 (жүз кырк сегиз мин тогуз жүз алтымыш сегиз) сом каражатты өздүк салым катары которуп берүү жагы колго алынсын.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |