Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 4- сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 17
Гулбадам балдар бакчасын ремонттон өткөрүү жөнүндө
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы сунуштап жаткан үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинин Көк-Сай айылындагы Гулбадам балдар бакчасын ремонттон өткөрүү демилгесин угуп, талкуулап Шекер айыл аймагынын аймактык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылындагы Гулбадам балдар бакчасын ремонттон өткөрүү долбоорунун өтүнмөсү бекитилсин.
2. Жалпы наркы 2198613 (эки миллион жүз токсон сегиз мин алты жүз он үч сом) үлүштүк дем берүүчү грантка долбоор жазылсын.
3. Айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 329792 (үч жүз жыйырма тогуз мин жети жүз токсон эки) сом каражатты өздүк салым катары которуп берүү жагы колго алынсын.
4. Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |