Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июлу № 430
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесинин 9-бөлүгүнүн 10-пунктун, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесинин 7, 71-бөлүктөрүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Мамлекеттик же ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүндө ээлеген же берилген турак жайларды менчикке өткөрүп берүү жаш курагы, иштеген жылдары, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы боюнча пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес иштеген кызматкерлерге, алар каза болгон учурда - алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле кызматтык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон же каза болгон кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө акысыз жүргүзүлөт.";
- 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан жана 20 жана андан ашык жыл иштеген кызматкерлерге, ал эми алар каза болгон учурда - алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |