Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 30-июлу № 170
2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИТӨФ/БМГӨ биргелешкен Smart-Ed долбоору" боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө
1-берене
Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 15000000 (он беш миллион) АКШ доллары суммасына "Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИӨТФ/БМГӨ биргелешкен Smart-Ed долбоору" гранттык техникалык жардам жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 250000 (эки жүз элүү миң) АКШ доллары суммасына "Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИӨТФ/БМГӨ биргелешкен Smart-Ed долбоору" гранттык техникалык жардам жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун администратору катары) 10000000 (он миллион) АКШ доллары суммасына "Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча ИӨБ/ИӨТФ/БМГӨ биргелешкен Smart-Ed долбоору" кредиттик макулдашуусу.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августунда № 57 (3713) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |