Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын 1-августу № 463   

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 “Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Евразия экономикалык бирлигинин дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү убагында – өткөөл мезгилдин шарттарында өлкөнүн рыногунда сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу кепилденген дары каражаттарынын тартыштыгына жол бербөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 “Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 2-пунктта:

3-пунктчада “2024-жылдын” деген сөздөр “2027-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-пунктчада “2025-жылдын” деген сөздөр “2027-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев