БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 3
Базар-Коргон шаарынын Совет муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Көкчөгөз спорт залы боюнча түзүлгөн долбоор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун аткарууга алып, 23.10.2023-жылкы чыгыш №01-17/1143 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын Совет муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Көкчөгөз спорт залына спорт шаймандарын сатып алуу боюнча түзүлгөн долбоор жактырылсын, долбоорду өткөрүүгө Базар-Коргон шаар мэриясына 100 000(жуз миң) сом акча каражатын таап берүү милдеттендирилсин жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кенешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.К. Анарбеков |