Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 30-июлу ПЖ № 224
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын КУРАМЫ
Шаршенбаев Мелис | - | Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын төрагасы;
|
Абакиров Курманбек | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы;
|
Ажиев Садабек Ботобекович | - | Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу;
|
Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич
| - | Кыргыз Республикасынын эл артисти, музыкант; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович
| - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору; |
Акматалиев Каридин Сартбаевич
| - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти, профессору; |
Ибраев Анарбек Адылович
| - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин искусство факультетинин деканы; |
Иннокентьева Нургуяна Николаевна
| - | С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактардын окутуучусу; |
Кадырманбетова Айнура Кумоновна
| - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери; |
Каныметова Кулайым Кызайбайевна
| - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти; |
Кариев Бейсен Сергеевич
| - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин архитектуралык чөйрөнүн дизайны кафедрасынын башчысы;
|
Молдалиева Людмила Джапаровна
| - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучусу, театр сынчысы; |
Мусаев Манасбек
| - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору; |
Саламатов Тимур Сагынбаевич
| - | Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти, профессору; |
Султанов Сапарбек Асекович
| - | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, архитектор; |
Турдубаев Бакытбек Алтыбаевич
| - | кинодраматург; |
Усубалиев Таалайбек Сыдыманович
| - | Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, жогорку категориядагы реставратор; |
Чаланов Ишенбек
| - | С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактардын окутуучусу; |
Шмырина Анна Геннадьевна | - | Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын режиссер-коюучусу.". |