Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 4

 

Мамыр баатырдын айкелин Базар-Коргон шаар аймагынын Бишкек-Ош жолунун боюна “Мамыр Баатыр” коомдук фондунун Мамыр баатыр эстелигин куруу боюнча түзүлгөн долбоор жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика,ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна жана 10.10.2023-жылкы чыгыш №01-17/1090 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Мамыр баатырдын айкелин Базар-Коргон шаар аймагынын Бишкек-Ош жолунун боюна “Мамыр Баатыр” коомдук фондунун Мамыр баатыр эстелигин куруу боюнча түзүлгөн долбоор жактырылсын, долбоорду өткөрүүгө Базар-Коргон шаар мэриясына 300 000(үч жуз миң) сом акча каражатын таап берүү милдеттендирилсин жана Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кенешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.К. Анарбеков