Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 5

 

Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу ишканаларга кошумча штаттык бирдиктерди бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 65-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 11.10.2023-жылкы чыгыш №01-17/418 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика,ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Капиталдык курулуш департаментине”: 1 жетекчи, 1 эсепчи,1 сметачы, 1 технадзор, 1 өндүрүштүк техникалык адис, 1 иш кагаздары боюнча адис, жалпысы болуп 6 штаттык бирдик жана ’’Тазалык” муниципиалдык ишканасына: 1 башкы инженер, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” чарбасына: 1 жетекчи, 1 эсепчи, 1 аграном,1 мастер, 6 ишчи жалпысы болуп 10 штаттык бирдик, Базар-Коргон шаар мэриясынын Совет муниципалдык аймактык башкаруу ишканасына: 1 башчы, 4 адис жалпысы болуп 5 штаттык бирдиги бекитилип, акча каражаттарын чечип берүү Базар-Коргон шаар мэриясына милдеттендирилсин.

2. Жогоруда каралган кошумча штаттык бирдиктердин эмгек маянасы 2024-жылдын январь айынан жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

5. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кенешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

                                                                                                

Төрага

 

К.К. Анарбеков