Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 8

 

Базар-Коргон шаарынын экономикалык-пландоо зонасынын коэффициентерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 22.11.2023-жылкы чыгыш №01-17/1260 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаарынын экономикалык-пландоо зонасынын коэффициенти №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркелет: №1-тиркеме)

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кенешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.К. Анарбеков

                                                                                                            

 

 

 

 

№1-тиркеме

 

                                                                                                                                 

 

Базар-Коргон шаарынын экономикалык-пландоо зонасынын коэффициентеринин тизмеси

 

1) I-зона- (20)- шаардын борбору, түндүк-батыш тарабы Ош-Бишкек трассасы түндүк- чыгыш тарабы айылдын бүтүшү, түштүк-батыш тарабы, Комсомолдун каналы, түштүк-чыгыш тарабы айылдын бүтүшү менег чектелет. Абдраимов , Көкчөкөз, Орто-Сай, Суу-Башы айылдары.

2) II -зона-(15)- Комсомол, Сай-Коргон, МТФ, Кара-Үнкүр дарыясынын жээги.

3) III- зона-(10)- Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Үч-Эмчек айылдары.

4) IV- зона- (5)- башка калган жерлер.

 

 

Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу

муниципиалдык менчикти башкаруу

боюнча департаментинин башчысы

 

Н.К.Мамбеталиев