Бишкек шаардык кеңешинин
2026-жылдын 30-июнундагы № 106
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 41
Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана
жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү салыктарды башкарууга салыктык контролду күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 151-беренесине, 379-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Б. Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 41 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн мүлк салыгынын СТАВКАСЫ
Категориясы | Эксплуатациянын мөөнөтү | Аянты | Салыктык ставка (сом) |
Бишкек шаарынын аймагындагы турак жай имараттар жана жайлар | Кызмат мөөнөтүнө карабастан | 1 чарчы метр | 75 |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Б. Аденов |