Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-июлу № 402
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пунктунун 4-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Амангельдиев |
|
| Тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Жеңил автомобилдин айдоочусу, анын ичинде: |
|
| Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттары, республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана жергиликтүү кеңештери | 2,53 |
| Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү | 2,18 |
| Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек ш. жана Ош ш. шаардык кызматтары, институттар | 2,06 |
| Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Архив кызматынын борбордук архивдери, региондук башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Суу ресурстары кызматынын суу чарба бассейн башкармалыктары жана райондук бөлүмдөрү, Ветеринария кызматынын ветеринариялык диагностика жана экспертиза зоналык жана райондук бөлүмдөрү | 1,80 |
| Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 1,70 |
2 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,70 |
3 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабалардын айдоочусу | 1,45 |
4 | Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик, моторист, токарь, ширетүүчү, механик | 1,40 |
5 | Документтердин мукабачысы, кладовщик | 1,20 |
6 | Короо тазалоочу, багбан, күзөтчү, КӨП контролёру | 1,20 |
7 | Гардеробчу, кароолчу (вахтёр), лифтёр, от жагуучу, кастелянша, чабарман, егерь, ат багуучу | 1,20 |
8 | Имараттарды тейлөө жана учурдагы оңдоо боюнча жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды, аймактарды тазалоочу | 1,20 |
Эскертүү:
Автомобилдердин айдоочуларына ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
Түнкү убакытта иштегендиги үчүн күзөтчүгө сааттык тарифтик ставканын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
Дифференцияланган үстөктөр кесиптик чеберчилиги үчүн: 4-разряддагы жумушчуларга - тиешелүү кызматтык маянанын 15 пайызы, 5-разряддагы - 20 пайызы жана 6-разряддагы - 25 пайызы белгиленет.
Кызматтык жайларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянанын 25 пайызына чейинки өлчөмдөгү үстөктөр белгиленет.".