Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 26-июну ПЖ № 194
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу улуттук экономиканы өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт. Мамлекеттик ички карыз алуу рыногу өлкөнүн финансылык ресурстарын мобилизациялоого жана аларды инфраструктуралык, социалдык жана экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө багыттоого мүмкүндүк берет. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик карыздын жалпы түзүмүндө ички карыздын үлүшүн көбөйтүүнүн оң динамикасы байкалууда, бул өлкөнүн тышкы карыз алууга көз карандылыгын төмөндөтөт, валюталык тобокелдиктерди минималдаштырат жана банктар, камсыздандыруу компаниялары, пенсиялык фонддор жана жеке инвесторлор үчүн жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен финансылык секторду чыңдоого өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгү жогорулады, бул алардын бардык түрлөрүнө суроо-талаптын көбөйүшүнөн, ошондой эле тооруктун көлөмүнүн өсүшүнөн көрүнүүдө. Бул инвесторлордун ишениминин жогорулагандыгы жана финансылык рыноктун катышуучуларынын базасынын кеңейгендиги жөнүндө күбөлөндүрүп турат.
Ошол эле учурда экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана стратегиялык маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы тышкы карыз алуу инструменттерин пайдаланууну улантууда. Дүйнөлүк практикада узак мөөнөттүү финансылык ресурстарды тартуунун кыйла натыйжалуу механизмдеринин бири болуп эл аралык капитал рынокторунда мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу саналат. Еврооблигацияларды чыгаруу каржылоо булактарын диверсификациялоого, кыйла пайдалуу шарттарда каражаттарды тартууга жана эл аралык инвесторлор арасында өлкөнүн оң репутациясын түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул инструмент ошондой эле өлкөнүн кредиттик рейтингин бекемдөөгө жана улуттук карыздык инструменттердин ликвиддүү рыногун түзүүгө өбөлгө түзөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ички жана тышкы рынокторун өнүктүрүү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү, рыноктун инфраструктурасын модернизациялоону, карыздык милдеттенмелерге мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун ачык-айкын инструменттерин киргизүүнү камтыган комплекстүү ыкманы талап кылат.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногуна андан ары дем берүү, тартылган каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, каржылоо булактарын диверсификациялоо жана тышкы карыз алуу тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун комплекстүү өнүктүрүүнүн эсебинен ички карыздын үлүшүн көбөйтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын эл аралык капитал рынокторунда жайгаштыруу боюнча ишти жүргүзсүн;
3) мамлекеттик карызды тейлөөнү жумшартуунун жаңы моделин киргизсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |