Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 31-июлу ПЖ № 225
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Калматов Ниязбек Курманбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, анын Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |