Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-августу № 469
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
- 9-пунктта “1,30” деген цифралар “1,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 10-пунктта “1,51” деген цифралар “1,75” деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинде:
- 7-пунктта “1,79” деген цифралар “1,80” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 9-пунктта “1,51” деген цифралар “1,75” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 11-пунктта “1,30” деген цифралар “1,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 12-пунктта “1,16” деген цифралар “1,20” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 14-пунктта “1,51” деген цифралар “1,85” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 15-пунктта “1,51” деген цифралар “1,75” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 16, 17-пункттарда “1,28” деген цифралар “1,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 18–20-пункттарда “1,00” деген цифралар “1,20” деген цифраларга алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемесинде:
- 4-пунктта “1,63” деген цифралар “1,65” деген цифраларга алмаштырылсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 6, 11, 12-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
“6- тиркеме
Улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жана чоңдор үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемелердин, балдар жана чоңдор пенхоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти | |||
Тейленүүчүлөрдүн саны | |||||
50 адамга чейин | 50дөн 100 адамга чейин | 100дөн 200 адамга чейин | 200 адамдан ашык | ||
1 | Жетекчи (директор) | 3,40 | 3,50 | 3,60 | 3,70 |
2 | Директордун орун басары | 2,50 | 2,60 | 2,70 | 2,80 |
3 | Башкы бухгалтер | 1,70 | 1,84 | 1,97 | 2,14 |
4 | Бөлүм башчысы | 2,35 | 2,35 | 2,35 | 2,35 |
5 | Юрист | 2,14 | 2,14 | 2,14 | 2,14 |
6 | Социалдык иш боюнча адис | 2,14 | 2,14 | 2,14 | 2,14 |
7 | Врачтык персонал | 2,40 | 2,40 | 2,40 | 2,40 |
8 | Педагогикалык персонал, психолог | 2,14 | 2,14 | 2,14 | 2,14 |
9 | Орто медициналык персонал | 1,84 | 1,84 | 1,84 | 1,84 |
10 | Бухгалтер, китепканачы, эмгек боюнча инструктор, кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору | 1,45 | 1,58 | 1,71 | 1,84 |
11 | Чарба башчысы, кампа башчысы | 1,45 | 1,60 | 1,75 | 1,85 |
Эскертүү:
1. Квалификациялык категория үчүн үстөк акы кызматтык маянага карата төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
– жогорку квалификациялык категорияга – 50 пайыз;
– I квалификациялык категорияга – 30 пайыз;
– II квалификациялык категорияга – 10 пайыз.
2. Айыл жеринде иштеген улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жана чоңдор үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемелердин, балдар жана чоңдор психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнүн социалдык кызматкерлерине, кызматкерлерине базалык маянадан 10 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.”.
2-тиркеме
“11-тиркеме
Калкты социалдык коргоо мекемелеринин техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1-глава. Техникалык тейлөөчү персонал | ||
1 | Архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү, катчы | 1,25 |
2 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,75 |
3 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 1,95 |
4 | Санитардык жеңил автомобилдердин жана атайын автомобилдердин айдоочулары: |
|
– өзгөчө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб. см чейин) | 1,75 | |
– орточо автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб. см чейин) | 1,95 | |
– чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб. см жогору) | 2,05 | |
5 | Кир жуучу жайдын башчысы | 1,75 |
6 | Кассир | 1,40 |
7 | Комендант | 1,75 |
8 | Лаборант | 1,75 |
9 | Машинист-кочегар | 1,65 |
10 | От казандын оператору, машинист | 1,75 |
11 | Официант | 1,30 |
12 | Чач тарач | 1,20 |
13 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электрмонтёру, электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү | 1,40 |
14 | Өтүкчү | 1,20 |
15 | Чарба айымы, кенже медициналык айым | 1,65 |
16 | Шеф ашпозчу | 2,00 |
17 | Ашпозчу | 1,85 |
18 | Тигүүчү | 1,30 |
2-глава. Кенже тейлөөчү персонал | ||
19 | Ассенизатор | 1,40 |
20 | Гардеробчу, лифтёр, өткөрүү пунктунун контролёру | 1,20 |
21 | Короо тазалагыч (аймакты тазалоочу), багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч | 1,20 |
22 | От жаккыч (кочегар) | 1,20 |
23 | Кампачы, кастелянша, чабарман | 1,20 |
24 | Ашкана кызматкери | 1,20 |
25 | Көмөкчү жумушчу | 1,20 |
26 | Кийим үтүктөгүч, кийимдерди, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч, кир кийимди (атайын кийимди) жуу боюнча машинист | 1,25 |
27 | Санитарка, буфет санитаркасы, ванна санитаркасы, няня-санитарка, коштоочу санитарка, тазалоочу-санитарка, палаталык санитарка, жуугуч, таңгактагыч, башка кенже медициналык персонал | 1,40 |
28 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, маляр, шыбакчы | 1,20 |
29 | Кароолчу (вахтер, кароолчу) | 1,20 |
30 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 1,20 |
Эскертүү:
1. Техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен кесиптик билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү талап кылган аткарылуучу жумуштун татаалдыгынын деңгээлине жараша белгиленген.
2. Кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылуучу жумуштун татаалдык даражасына жараша белгиленди.
3. Автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысына кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
4. Кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет: 2-разряддагы жумушчулар үчүн тиешелүү кызматтык маянадан 5 пайыз, 3-разряддагы – 10 пайыз, 4-разряддагы – 15 пайыз, 5-разряддагы – 20 пайыз, 6-разряддагы – 25 пайыз өлчөмүндө.
5. Чарба башчысынын, кампа башчысынын, эмгек боюнча инструктордун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 6-тиркемеге ылайык белгиленген.
6. Кызматтык жайларды тазалоочуларга, кир жуугучтарга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк белгиленет.”.
3-тиркеме
“12-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1-глава. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси | ||
§1. Техникалык тейлөөчү персонал | ||
1 | Заказдар столунун диспетчери, инновациялык технологиялар боюнча адис | 2,30 |
2 | Кассир | 2,60 |
3 | Заказдар столунун каттоочусу | 2,30 |
4 | Жетекчинин катчысы | 2,30 |
5 | Электр ширетүүчү, токарь, электрик, сантехник, жабдууну оңдоочу слесарь, жабдууну жөнгө салгыч, желдетүү системаларын оңдоо жана тейлөө боюнча слесарь, жыгач уста, имараттарды оңдоо боюнча жумушчу | 2,20 |
6 | Ашпозчу | 2,20 |
7 | Айдоочу | 2,20 |
8 | Оңдоочу слесарь | 1,40 |
9 | Телефонист | 2,18 |
10 | Лифтёр | 1,20 |
§2. Кенже тейлөөчү персонал | ||
11 | Кампачы | 1,20 |
12 | Жүктөөчү | 1,20 |
13 | Кароолчу | 1,20 |
14 | Ашкана жумушчусу | 1,20 |
15 | Багбан, аймактарды тазалоочу | 1,20 |
16 | Кызматтык жана өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,20 |
17 | Устакана жайларын тазалоочу | 1,20 |
2-глава. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы | ||
§1. Техникалык тейлөөчү персонал | ||
18 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү-архивариус | 2,20 |
19 | Заказдар столунун каттоочусу | 2,20 |
20 | Сантехник | 1,40 |
21 | Электрик | 1,40 |
22 | Жабдууну оңдоочу слесарь | 1,40 |
23 | Айдоочу | 2,10 |
24 | Ашпозчу | 1,80 |
§2. Кенже тейлөөчү персонал | ||
25 | Кампачы | 1,25 |
26 | Аймактарды тазалоочу, кароолчу | 1,20 |
27 | Кызматтык жана өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,20 |
28 | Устакана жайларын тазалоочу | 1,20 |
Эскертүү:
1. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары кесиптик билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү талап кылган аткарылуучу жумуштун татаалдык деңгээлине жараша белгиленет.
2. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга төмөнкүдөй үстөктөр төлөнөт:
– автомашиналардын айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн – кызматтык маянанын 25 пайызы;
– кароолчуларга түнкү убакытта иштеген ар бир сааты үчүн –
сааттык тарифтик ставканын бир жарым өлчөмүнөн кем эмес, жогорулатылган өлчөмдө;
– кызматтык жана өндүрүштүк жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн –кызматтык маянанын 25 пайызы;
– ашкана кызматкерлерине ысык электр мештеринде жана бышыруучу шкафтарда иштегендиги үчүн – кызматтык маянанын 25 пайызы.”.